Оппозициячыл журналист Мухаммад Бекжан 18 жылдан кийин түрмөдөн чыкты. Бул үчүн ал Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевге ыраазычылык билдирет.
Мухаммад Бекжан – эң узак убакыт түрмөдө отурган журналисттердин бири. “Түрмөдө мага окшогон башка журналисттер дагы бар. Алар – Юсуф Рузимуродов, Агзам Тургунов жана Салижан Абдурахманов. Буларды эркиндикке чыгаруу керек. Мындан тышкары президентибизден “Эрк” партиясынын лидерлеринин бири, 25 жылдан бери абакта жаткан Мухаммад Раджабды дагы бошотууну өтүнөм”,– деди журналист.
Мухаммад Бекжан “Эрк” партиясынын төрагасы Мухаммад Салихтин кичүү иниси. Ал “Эрк” гезитинин башкы редактору болгон.
Өзбекстанда 1999-жылы террордук жардырууга айыпталып, жүздөгөн оппозициячыл активисттер камалган. Анда Мухаммад Бекжанды Украинага уурдап кетишип, кайра Ташкентке алып келишкенде 13 жылга түрмөгө кесилген. Кийин анын мөөнөтү дагы 4 жылга узартылган. Ал өзүнө тагылган күнөөлөрдү моюнга алган эмес.
https://www.youtube.com/watch?v=eC9Z9MG0Kj4&feature=youtu.be
Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ