Кыргыз спортчулары эл аралык мелдештерде көпчүлүк учурда женилип калып, баарыбыздын башыбызды жер каратып келгендиги жашыруун эмес Ал эми жакында алыскы Күн чыгыш өлкөсүнөн кубанычтуу кабар келди. Анда хоккей боюнча Кыргызстандын улуттук курамасы Саппородо (Япония) өтүп жаткан Кышкы Азия оюндарында мөөнөтүнөн мурда финалга чыкты. Кыргыз хоккейчилери үчүнчү беттешинде Катар курамасын 7:2 эсебинде утуп алган Биздикилер биринчи беттешинде эле 18-февралда кувейттиктерди 5:0, 21-февралда 10:5 эсебинде утуп алышкан. Хоккей боюнча Кыргызстандын курама командасы VIII Кышкы Азия оюндарында А тайпасында Катар, Кувейт жана Филиппин курамалары менен ойноп, алдын-ала бул командалардын баардыгын ири эсеп менен женип алды. Кыргызстандын хоккейчилери Кышкы Азия оюндарына экинчи жолу катышууда. 2011-жылы Казакстанда болгон VII Кышкы Азия оюндарында премьер-дивизиондо ойноп жети команданын ичинен жеңүүчү болуп, кичи алтын медалды тагынып кайтышкан болчу. Бул эми биздин хоккейчилердин эч кандай шарты жок, машыкпай туруп эле жетишкен ийгилиги болуп саналат. Эгер өкмөт да бир аз жардам берсе, анда дүйнөлүк мыкты хоккейчилер финдер, канадалыктар менен да беттеше турган күн алыс эместир.
Булак: “Майданkg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ