Menu

Парламентте Текебаевдин иши каралууда

Бөлүшүү:

“Ата Мекен” фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаевдин камакка алынышы боюнча УКМК төрагасы Абдил Сегизбаев менен Башкы прокурор Индира Жолдубаева Жогорку Кеңеште маалымат берүүдө.

Башкы прокурор Индира Жолдубаева депутаттардын суроосуна жооп берип жатып, Өмүрбек Текебаевдин кылмышка катышканы тууралуу далилдер жетиштүү деп билдирди. Ошол эле маалда ал орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин пара берүү аракетинде кылмыштын курамы бар же жок экени тергөө жүрүшүндө аныкталарын айтты.

УКМК башчысы Абдил Сегизбаев орусиялык бизнесмен Маевский Кыргызстанга көрсөтмө берүү үчүн келгенин билдирди. Анын айтымында, Башкы Прокуратура менен УКМКнын орусиялык кесиптештери менен кызматташуу боюнча макулдашуулары бар. Зарыл учурда алар көмөк көрсөтүшөт.

“Ата-Мекен” фракциясы Орусиянын башкы прокурору Юрий Чайка менен Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкинге кайрылып, Леонид Маевскийге укуктук баа берүүнү өтүнүштү.

Парламент ушул тапта “коррупция” жана “шылуундук” беренелери боюнча айыпталып, эки айга УКМКга камалган “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин маселесин талкуулап жатат.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 − = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: