Menu

Тажикстанда чет өлкөлүк байланыш оператору бийликтен жардам суроодо

Бөлүшүү:

Скандинавиялык Тelia Company ири байланыш оператору тажик бийлигине кат жолдоп, Тажикстандагы Tcell туунду компаниясынын маселесин чечүүгө жардам сурады.

Компания былтыр сентябрда Ага Хан Экономикалык Фонду менен Central Asian Telecommunications Development B.V компаниясынын (Tcell бренди) бир үлүшүн сатуу боюнча макулдашууга жетишкенин, бирок бул келишим Тажикстандын Монополияга каршы агенттиги тарабынан бекитилбей жатканын билдирген.

Катта Tcell компаниясына карата мыйзамсыз салык доосу коюлуп жатканы, бул байланыш операторун оор каржылык абалга кептегени да белгиленген. Тelia Company коммерциялык директору Йохан Деннелинддин билдиришинче, «Точиктелеком» мамлекеттик байланыш оператору Tcell компаниясына карыздар. Компаниянын олуттуу каржылык кысымга кабылышы менен Тажикстандын телекоммуникациялык секторунун маанилүү бөлүгү коркунуч алдында.

Мындан улам Тelia Company бийликтен бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп, бул көйгөйдү чечип берүүгө жардам суроодо.

Тажикстандын Салык кызматы Tcell компаниясын салык төлөбөй жатат деп айтыптоодо. Карыз үчүн провайдерге 155 миллион сомони айыппул салынган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: