Menu

Ким Чен Намдын өлүмүнө шектелгендерге айып тагылды

Бөлүшүү:

Малайзия бийлиги Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын агасы Ким Чен Намды өлтүрүүгө шектелген эки аялга айып такты. Кылмышка Вьетнам жана Индонезиянын жарандары шектелүүдө, алардын күнөөлөрү далилденсе өлүм жазасына тартылышы мүмкүн.

Associated Press агенттиги кабарлагандай, шектүүлөр айыптоолорду четке кагып жатышат. Алар сотко бронежилет менен күчөтүлгөн кайтаруунун коштоосунда жеткирилди.

Ким Чен Нам Малайзиянын аэропортунда 14-февралда ууландырылган. Анын бетине тез таасир этүүчү уу себилген чүпүрөк сүртүп кетишкен. Кылмышка он киши шектелүүдө, алардын төртөө кармалды. Буга чейин айыпталып жаткандардын бири, Индонезиянын жараны кол салууну «тамаша» деп ойлогонун билдирген. Айтымында, кол салуунун алдында белгисиз бирөө ага 90 доллар берип, Ким Чен Намдын бетине «балдардын самынына» окшогон суюктукту чачуусун өтүнгөн.

Ким Чен Нам Түндүк Кореянын мурдагы лидери Ким Чен Ирдин улуу баласы болгон. Акыркы жылдары ал чет өлкөлөрдө жашап, Пхеньян бийлигин сындап келген. Түштүк кореялык ММКлардын маалыматы боюнча кол салуунун артында Түндүк Кореянын атайын кызматтары турушу мүмкүн.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: