Бир курдай кыргыз аткаминерлерин Меркелге тааныштырып жатып Атамбаев «бул менин оң колум» деп Сапар Исаковго өзгөчө көңүл буруунун ишаратын жараткан. Ошондон тарта Сапар мырзанын карьералык өсүшү жогорулап отуруп, акыры президенттин аппарат башчысы болду. Мындай кадамдар жөн жерден жаралбайт.
Буга чейин ал мураскер болору, президенттик күрөшкө аттана турганы да божомолдонуп келген. Бирок, жакында Исаков «мындай маселе күн тартибинде жок» деген маанайда сыпайы жообун узатканы бар. Анан эмне, «мен президент болом» деп айтмак беле? Соңку жылдары Атамбаев аны эл аралык иштер боюнча тажрыйба алдыруу жагынан кызмат кылдырганы, ар дайым жанынан чыгарбай, чоң саясый иш-чараларга катыштырьш, көзүн ачып келди. Жаш бсшсо да учурда каарманыбыз мамлекеттик ишмер катары такшалып, чычканга кебек алдырбагандай тыкыр мүнөзгө да жетишти окшойт. Мындайча айтканда, чоң жарышка жарап калгандай. Албетте, Сапар Исаковдун эл ичинде популярдуулугу анчейин эмес, жадагалса колдогон электоратын да байкаган жокпуз. (Мисалы, Темир Сариев, Өмүрбек Бабанов сымал «жарк» эткен фигурага айлана элек.) Бирок, анын артында президент өзү турат. Ошого катар бүтүндөй административдик ресурс бар. Эгер Атамбаев бул жигитти чындап күүлөп, сүрөп чыкса, мамлекет башчы болушу оңой эле. Себеби, бүгүнкү саясый күчтөрдүн баарысы бийликтен коркуп калышты. Жинге тийип, сүзгүлөй бергендери камала берет.
Дагы бир кызык факт. Сапар Исаков Кочкорлук болот экен. А бул өрөөндү билесиңер, касиеттүү жер, хан чыккан аймак. Кезинде Ормон хан бийлеп турса, кийин Турдакун Усубалиев кыргыз кыйырын башкарган. Калыгул олуянын: «Экөө катар жүрбөс, бирөө үзүлбөс…» дегенин эске алсак, бул жагы да ойлондурбай койбойт. Сапар мырза быйыл 40 жашка толот. Жаш болсо да карьералык үлкөн секириктерди жасап койду. Билими, тажрыйбасында кеп жок. Эң оболу, ал президент болуп калса, бийликтин бүгүнкүдөй багыты менен иш жүргүзүп, бүтпөй калган иштердин улоочусу болот го. Атамбаевден буйтап кете албайт. Себеби, КСДПнын таасири күчтүү, анүстүнө шефинин электораты Бишкектин жогору жагында эмеспи. Бирдеме болсо 20 миң киши түшүп келет. Кыскасы, А.Шаршенович тирүү турганда оңой менен таасирин алдырбайт. Ошон үчүн «кол бала» эл башчысы болсо, КСДПнын саясаты кайсы бир жылдарга чейин таасирдүү болуп турмакчы…
Мындан сырткары, президентке мураскер катары Сооронбай Жээнбековдун, Иса Өмүркуловдун, Калыкбек Султановдун аттары аталып келет, албетте, дагы ысымдар бар. Бирок, бакыт кушу кимге коно турганын бир Кудай билет эмеспи…
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ