Menu

Алмазбек Атамбаев менен БУУнун Башкы катчысы Антонио Гутерреш Кыргыз Республикасынын БУУга киришинин 25 жылдыгына байланыштуу бири-бирине куттуктоо телеграммасын жиберишти

Бөлүшүү:

Бүгүн, 3-мартта Алмазбек Атамбаев жана БУУнун Башкы катчысы Антонио Гутерреш Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмуна киришинин 25 жылдыгына байланыштуу бири-бирине куттуктоо телеграммасын жиберишти. Бул туурасында КР президентинин аппаратынын басма-сөз кызматы кабарлады.

«Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмуна киришинин 25 жылдыгына байланыштуу менин чын дилимден чыккан куттуктоомду кабыл алып коюңуз. Өткөн чейрек кылымда БУУ Кыргызстандын  социалдык-экономикалык өнүгүшүнө жана орчундуу чөйрөлөрдө реформаларды өткөрүүгө кыйла салым кошту. Коопсуздук боюнча Мюнхен конференциясынын алкагында Сиз менен жолугушууну жылуу сезим менен эстейм», – деп айтылат телеграммада.

Мамлекет башчысы Кыргызстанга ыклас мамилеси жана биздин өлкө менен БУУ ортосунда көп кырдуу кызматташтыкты  өнүктүрүүгө даярдыгы үчүн ыраазы экенин белгиледи.

«Бул жагынан Туруктуу өнүктүрүү максаттарына багытталган долбоорлор менен программаларды ишке ашыруу үчүн БУУ менен  натыйжалуу өз ара аракеттерди арттырууга Кыргыз Республикасынын берилгендигин өзгөчө белгиледи.

Учурдан пайдаланып, Сизге ылайык убакта Кыргыз Республикасына келип кетүүгө чакырам», – деп айтылат катта.

Кыргызстан Президенти БУУнун Башкы катчысы Антонио Гутеррешке бекем ден соолук, бакыбаттык жана көп кырдуу ишине ийгиликтерди каалады.

БУУ Башкы катчысы өз телеграммасында Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө болгонунун 25 жылдык юбилейи менен Мамлекет башчысын жана Кыргызстан элин куттуктады.

Ал 1992-жылдын 2-мартында Уюмга киргенден бери Кыргызстан өзүн ишенимдүү өнөктөш катары көрсөтө алганын белгиледи.

«Биз электоралдык процесске, дүйнө курулушуна, чыр-чатактарды болтурбоого жана туруктуу өнүгүүгө көмөктөшүүнү кучагына алган ар кыл чөйрөлөрдө тыгыз кызматташууга жетише алдык.

Өзгөчө Борбор Азиядагы превентивдүү дипломатия Регионалдык Борбору жана БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен жемиштүү кызматташуусу үчүн Кыргызстанга ыраазылык билдиргим келет», – деп айтылат телеграммада.

БУУ Башкы катчысы Бириккен Улуттар Уюму 2030 туруктуу өнүгүү Күн тартибин имплемантациялоодо жана Кыргызстан эли үчүн Туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүүдө өзгөчө мааниси бар Кыргыз Республикасы менен кызматташууну улантууга даяр экенине ишендирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: