Menu

Дача СУ дачалык массив тургундары айыл макамын же башка аймактан жер тилкесин берүү өтүнүчү менен кайрылышты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 2-мартта Жогорку Кеңеш жыйынындагы “Ар түрдүү маселелер” саатында депутат Алмазбек Эргешов “Дача СУ” айылынын тургундарынын кайрылуусу менен тааныштырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдады.

Кайрылууда жергиликтүү тургундар Дача СУ аймагы басылып алынып, салынган үйлөр эместигин, жер тилкелери дачалык массивдерге берилип үйлөр курулганын, айрым жалпыга маалымат каражаттары туура эмес жазып жаткандыгын белгилешкен. Ошону менен катар Бул дачалык айылда бир миңдей окуучу Манас, Жаңы-Жер айылдарына барып окушаарын, массивде мектеп, бала бакча, ФАП өңдүү социалдык объекттер жоктугун кошумчалады. Жергиликтүү тургундар кайрылуу аркылуу бул Дача СУ дачалык массивине же айыл макамын берүү же башка аймактан жер тилкеси менен камсыздоо өтүнүчтөрүн билдиришкен.

Депутат Улукбек Ормонов дагы Өзгөн районундагы шайлоочулар менен жолугушуп келгендигин айтып, 5000 адам жашаган Баш-Дөбө айыл аймагындагы Кашка-Терек айылына айыл макамын берүү талабы коюлгандыгын билдирди. Эл өкүлү бул багытта КР Өкмөтүнүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө тиешелүү документтерди топтоп, алып келүүсү боюнча тапшырма берүүнү аткаруу бийлигине табыштады.

Шайлоочулар менен жолугушуп келген дагы бир депутат Искендер Матраимов Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкан айылындагы 3-4 айылга айыл макамын берүү зарылдыгын ортого салды. Анын айтымында, аталган айыл макамына ээ болбогон айылдарды кошуп эсептегенде Төлөйкан айыл өкмөтүндө 27 миң адам жашайт. И.Матраимов аталган райондо жалпысы 23 мектептин курулушу жүрүп жаткандыгын малымдап, бүтөйүн деп калган мектептерди соңуна чыгаруу керектигин кошумчалады.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 98 − 96 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: