2-мартта Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Ташкентте БУУнун баш катчысынын саясий маселелер боюнча жардамчысы Мирослав Енч менен жолугуп, уюмду Борбор Азиядагы, анын ичинде Өзбекстандагы болуп жаткан жараяндарга активдүүрөөк катышууга чакырды.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана эки тараптуу мамилелерди кеңейтүү жолдорун талкуулашты. Өзбекстан президенти глобалдык коопсуздук менен туруктуулукту сактоодо, социалдык-экономикалык жана экологиялык көйгөйлөрдү чечүүдө, терроризмге, экстремизмге, уюшкан кылмыштуулукка жана маңзатынын жайылышына каршы күрөшүүдө БУУнун ролу өтө маанилүү экенин белгиледи.
Ошондой эле Мирзиёев ушул жылдын сентябрында Нью-Йоркто өтө турган БУУнун Башкы Ассамблеясына катышууга даяр экенин билдирди. Буга чейин адатта Башкы ассамблеяга Өзбекстандын атынан өлкөнүн тышкы иштери министри катышып келген.
Мирослав Енча Ташкентке Өзбекстандын БУУга мүчө болгондугунун 25 жылдыгына карата барган.
Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ