Menu

АКШнын башкы прокурору Орусиянын шайлоого кийлигишүүсүн тергөөдөн четтеди

Бөлүшүү:

АКШнын юстиция министри жана башкы прокурору Жефф Сешнс Орусиянын Кошмо Штаттардагы шайлоо өнөктүгүнө катышуу ыктымалдыгын тергөөдөн четтеди. Бул тууралуу ал бейшембиде өткөргөн маалымат жыйынында билдирди.

Сешнс бул сыяктуу тергөөлөргө байланышкан бардык документтер жана нускамалар менен таанышып чыгып, Дональд Трамптын кеңешчиси катары өзү катышкан шайлоо өнөктүгүндөгү жагдайларды тергөөгө катышпоо чечимин кабыл алганын айтты. Ал ошондой эле Сенаттагы юридикалык маселелер боюнча комитеттин бардык кошумча суроолоруна жооп берүүгө даяр экенин билдирди.

Сешнстин айланасындагы чыр анын Орусиянын АКШдагы элчиси менен жолуккандыгы белгилүү болгондон кийин башталган. Бирок ал Сенаттын комитетинде Орусиянын өкүлдөрү менен жолукпаганын айтып, анда берилген суроолорго чын дилден, туура жооп бергенин билдирген.

Ал кечээки маалымат жыйынында Орусия элчиси менен эки ирет жолукканын, анын бири өтө кыска болгонун ырастады. Экинчиси Сешнстин Сенаттагы иш бөлмөсүндө, эки жардамчысынын катышуусунда өткөн. Айтымында, анда терроризм жана диний топторго байланышкан маселелер, ошондой эле Украинадагы кырдаал талкууланган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 97 − = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: