Menu

  Жалал-Абадда калкты таза суу менен камсыздоо жана талаачылык иштерине даярдыктар боюнча жыйын өттү

Бөлүшүү:

2-мартта өкүлчүлүктүн чоң жыйындар залында калкты таза суу менен камсыздоо жана жазгы талаачылык иштерине даярдыктардын абалын талкуулаган  кеңешме жыйын болуп өттү деп маалымдады өкүлдүн басма сөз катчысы. Жыйындын ишине өкүл Кыянбек Сатыбалдиев, КРнын Өкмөтүнө караштуу курулуш, турак-жай коммуналдык чарба агентствосунун таза суу департаментинин директору Аскарбек Токтошев, райондордун акимдери, шаарлардын мэрлери, айыл аймактарынын башчылары жана облусттук мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Кеңешме жыйындын күн тартибине облустун калкын таза суу менен камсыздоо иштеринин абалы жана жазгы талаачылык иштерине карата даярдыктардын жүрүшү каралып талкууланды.

Жалал-Абад облусунун аймагындагы 441 калктуу конуштун ичинен 274 калктуу конушта ичүүчү таза суу системалары бар, же камсыздалышы 62,1 пайызды түзөт. Жашаган калктын санына эсептегенде облустагы 1 млн. 146 миң 520 кишинин ичинен 943 миң 705 киши ичүүчү таза суу менен камсыздалып, көрсөткүч 82,3 пайызды түзөт. Калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоону көзөмөлдөө КРнын “Ичүүчү таза суу жөнүндө” жана “Ичүүчү суунун техникалык коопсуздугу жөнүндө” Мыйзамдарынын негизинде жүргүзүлөт.

Облустун район-шаарларында калкты таза суу менен камсыз кылуудагы иш аракеттер ачыгын айтканда жетишсиз болууда. Азия Өнүктүрүү Банкы тарабынан 2001-2011 жылдары каржыланган 64 долбоор сапатсыз ишке ашырылган. Андан болгону 2 долбоор гана талапка жооп бере турган абалда бүткөрүлгөн. Ичүүчү таза сууну камсыз кылуудагы электр энерегиясына болгон карыз учурда  8 млн. 864 миң сомду түзүп олтурат. Ичүүчү таза суу түтүктөрүн тейлөө толугу менен айыл аймактарынын жана муниципалдык бийликтердин каржылоосуна жана карап тейленүүсүнө өткөрүлүүсү керек,- деди өкүлчүлүктүн реалдуу өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Ажымамат Исаев.

Ислам Өнүктүрүү Банкы Жалал-Абад облусундагы 24 айылды таза суу менен камсыздоо максатында 23 млн. доллар каражатын бөлүп берүүдө. Чет элдик донорлор Азия Өнүктүрүү банкы тарабынан 2001-2011-жылдардагы бөлүнгөн каражаттар максатсыз жумшалгандыктан азыр алар каржылоону дээрлик токтотуп коюшту. Ал долбоорду ишке ашырууда “койчусу көп болсо, кой арам өлөт” дегендей “кожоюндар” көп болуп кеткендиктен, кийин сапатсыз бүткөрүлгөн иштерди аныктоодо кемчилдиктер ким тарабынан кетирилгендигин аныктоо абдан кыйын болуп калган. Ал долбоорлорду үзгүлтүккө учураткандардан эч ким деле жазаланганы жок. Азыр калкты таза суу менен камсыздоо долбоорлорун ишке ашырууну көзөмөлдөө КРнын Өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик курулуш департаментине жана АРИС Эл аралык уюмуна гана жүктөлүп олтурат. Кыргызстан боюнча 87,3 пайыз сууну жер алдынан алып ичебиз. Ошондуктан саркынды сууларды атайын ажыратылган жайларга чыгаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер сапаттуу бүткөрүлүүсү зарыл. Таза сууга болгон тариф маселеси дагы бүгүнкү талапка дээрлик жооп бербей калды. Азыркы учурда 1000 литр сууга болгону 10 сом гана төлөп жатабыз. Ал эми Европа Биримдик Кеңеши тарабынан Жалал-Абад облусуна таза сууга бөлүнгөн 10 млн. евро каражаты КРнын Өкмөт мүчөлөрү тарабынан каралгандан кийин, КРнын Жогорку Кеңешинин комитетинде каралып талкуулангандан кийин КРнын Жогорку Кеңешинин жыйынында үч окуудан кабыл алынуусу зарыл,- деди КРнын Өкмөтүнө караштуу курулуш, турак-жай коммуналдык чарба агентствосунун таза суу департаментинин директору Аскарбек Токтошев.

Жыйында жазгы талаа жумуштарына карата жүргүзүлүп жаткан даярдыктар туурасында дагы кеңири талкуулоо болду.

 Булак: Жолдошбай Осмонов, журналист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 25 = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: