Menu

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын түшүү көлөмү төмөндөдү

Бөлүшүү:

2016-жылы алдын-ала маалыматтар боюнча тике чет өлкөлүк инвестициялардын келүү агымы 2015-ж. салыштырмалуу 2,4 эсе  кыскарып, 654,8 млн. АКШ долларын түздү, – деп айтылууда Улуттук сатистикалык комитетинде.

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын негизги көлөмү (дээрлик 86 пайызы) финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүнө, геологиялык чалгындоого, иштетүү өндүрүш ишканаларына, ошондой эле электр энергиясы, газ, буу  жана кондицияланган аба менен камсыздоого (жабдууга) багытталды. Муну менен бирге, иштетүү өндүрүш ишканаларына багытталган инвестициялардын көлөмү – 3,6 эсеге, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүнө – 2,3 эсеге, электр энергиясы, газ, буу  жана кондицияланган аба менен камсыздоо – 1,9 эсеге,   геологиялык чалгындоого –1,7 эсеге төмөндөдү.

КМШдан тышкаркы өлкөлөрдүн ичинен негизги инвестор – түшүү көлөмү 39 пайызга төмөндөгөн Кытай болуп эсептелди. Муну менен катар, Улуу Британиядан, Канададан жана Туркиядан тике чет өлкөлүк инвестициялардын келүү агымы олуттуу кыскарды, бул жалпысынан КМШдан тышкаркы өлкөлөрдөн келген түшүүлөрдүн 2,5 эсеге төмөндөшүн шарттады.

КМШ өлкөлөрүнөн келген тике чет өлкөлүк инвестициялардын түшүү көлөмү 2015-ж. салыштырмалуу 2,2 эсеге төмөндөдү, алардын Россиядан жана Беларустан келүүсүнүн олуттуу кыскарышынын эсебинен болду. Муну менен бирге, Казахстандан келген түшүүлөрдүн көлөмү 8,9 пайызга  көбөйдү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 + = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: