Акыркы кездерде “баланча жерге бомба коюлду, жарылат”- деп элдин үрөйүн учурган келесоолор көбөйдү. Мындайларды телефон террористи деп коюшат экен милициялар. Мына ушундай телефон террорист 1- март күнү Ысык-Ата районундагы Кең- Булуң айылындагы Ляйлиев атындагы орто мектептин күзөтчүсүнө телефон чалып, мектепке бомба коюлганын кабарлаган. Андайды өмүрүндө укпаган күзөтчү өң алеттен кетип, мектеп директоруна кабарлап, мугалим, окуучулардын баары эшикке дүрбөп чыгып, мектепти милициялар курчоого алып текшеришкенде, мектептен бомба түгүл эч нерсе табылган эмес. Дүрбөлөң салган телефон террористи дароо эле колго түшүп, ал Ысык-Атанын тургуну, күзөтчүнүн жакын тууганы болуп чыккан. “Күзөтчү агамды коркутуш үчүн ушундай кадамга баргам” деп жооп берген.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ