-Нурбек мырза, сиз машыктырып жаткан балбан кыз Айсулуу Тыныбекова 17-19-февралда Швециянын Клиппан деген шаарында өткөн аялдар күрөшү боюнча мелдешке катышып, күмүш медалга ээ болуп келдиңиздер, андан мурун Москванын Красноярск шаарында өткөн мелдеште алтын медалга ээ болдунуздар эле, ошол акыркы ийгиликтериңиздер боюнча айтып берсеңиз?
-16-февралдан, 24-февралга чейин Швеция мамлекетинде өткөн Эл аралык мелдешке барып катышып келдик. Жалпы төрт жолу беттеш болду. Төртүнчү беттеш финалдык беттеш болчу. Ага Айсулуу катыша алган жок. Себеби денесин оорутуп алган эле. Ошол себептен төртүнчү болчу финалдык таймашта килем үстүнө чыгып, бирок күрөшпөдү. Эгер күрөшкөндө алтын медаль үчүн күрөшмөк. Бирок жаман эмес, алтын болбосо да, үч жолку беттеште ийгилик жаратып, күмүш медалды алып келдик. Бул болуп өткөн мелдештердин баары биз үчүн даярдык болуп жатат. Быйыл август айында Франциянын Париж шаарында өтчү аялдар арасындагы дүйнөлүк беттешке катышып, күч сынашабыз. Азыр ошого катуу даярдык көрүп жатабыз. Андан тышкары дагы бир топ мелдештер бар. Ислам мамлекеттеринде өтчү аялдар күрөшү боюнча мелдешке, дагы башка бир топ мелдештерде Айсулуу кызыбыз күч сынашып, өлкө намысын коргойт.
-2020-жылы Японияда өтчү дүйнөлүк чемпионатта Айсулуу күрөшөбү?
-Албетте, азыркы катышып жаткан мелдештерибиздин баары ошого даярдык. Биздин эң негизги эңсөөбүз, каалообуз ошол бүткүл дүйнөлүк олимпиада оюндары. Тилекке каршы, былтыр өткөн олимпиада оюнунда медалга ээ болбой калдык. Элибиздин үмүтүн актабай калдык. Ал үчүн убагында элден кечирим сураган элек. Бул жолу буюрса байгеге ээ болгонго, өлкө желегин бийик желбиреткенге болгон күч-аракетибизди жумшап даярданып жатабыз.
-Мамлекет сиздерге кандай каралашып жатат?
-Эл аралык болобу, кандай мелдеш болбосун барып катышып келүүнүн чыгымын мамлекет каржылайт. Андан тышкары өзүбүздүн күрөш федерациялары бар, мисалы аялдар күрөшү боюнча федерация, алар да колдорунан келген жардамдарын бизден аяшпайт. Бирок кемчиликтер, жетишпестиктер жок эмес. Анын баарын санап, жардам жок, машыкпайбыз, күрөшпөйбүз деп отуруп ала албайбыз да. Баарын туура түшүнүшүбүз керек. Себеби мамлекеттин экономикасы, абалы түшүнүктүү. Спорт тармагы жаңыдан бутуна тура баштады. Ошон үчүн көп учурда өзүбүз дагы аракет кылып, башка мамлекеттин спортчуларынан кем калбай, өлкөбүздүн намысын коргоп күрөшүп, ишибизди алдыга жылдырууга аракет жасайбыз.
-Мисалы кандай жетишпестиктерге муктажсыздар?
-Көп эле жетишпестиктер бар. Мисалы врачтар жетишпейт. Психологдор жок. Болгону бир врачыбыз бар. Ал спортчулардын баарына жетишип иштөөгө аракет жасап жүрөт.
-Эл аралык мелдештерге чакыруулар кандай негизде болот?
-Ал боюнча КРнын Дене тарбия жана спорт агенттиги иш алып барат. Чакыруулар көп болот. Апрель айында амеркалык спортчулар менен биргелешип машыгуу боюнча чакыруу келген. Ал жакка бараар, барбасыбыз азырынча белгисиз. Ошондой эле Финляндия мамлекетинен да чакыруу болуп жатат. Кайсы жагына барып биргеликте машыгып келебиз, аны жакындаганда чечебиз.
-Айсулуудан башка кыз-келиндерди да машыктырасызбы?
-Ооба, Айсулуудан башка бир топ кызды машыктырып, спортко тарбиялап келе жатам. Арасында Айсулуу сыяктуу келечекте жолун жолдоп, жакшы күрөшө турган үч-төрт кыз бар. Алар өспүрүмдөр арасында өткөн дүйнөлүк биринчилик боюнча мелдештерде күмүш, коло медалга ээ болгон кыздар. Алар учурда Айсулуу менен бирге машыгып жатышат. Айсулуу биринчи, экинчи орундарга ээ болуп жатса, алар бешинчи, алтынчы орундарга ээ болгонго жарап калышты. Буюрса убагы келгенде ал кыздар да Азия чемпиону, дүйнө чемпиону болот деген терең ишеничтемин.
—2020-жылдагы дүйнөлүк чемпионатта ал кыздар дагы күч сынашабы?
-Буюрса, катыштырууга аракет жасап жатабыз. Планыбыз боюнча олимпиадага үч-төрт кыз катышат деген үмүтүбүз бар. Алардын бири болбосо, бири чемпион болуп, медаль алат деген ой менен иштеп жатабыз.
-Айсулууну машыктырып жатканыңызга канча жыл болду?
-Айсулуу 25 жашка чыкты. Мага 17 жашында келген. Чоң спортко Айсулуу кеч келди. Бирок кеч келсе дагы үч-төрт жылдын аралыгында чоң ийгиликтерди жаратты. Биз машыктыруучулар баланы болобу, кызды болобу, бизге келгенде эле андан кандай спортчу чыгаарын байкайбыз. Эгер жакшы спортчу чыга турганына көзүбүз жетсе, аны колго алып машыктырып, спортко тарбиялап баштайбыз. Айсулуу балбан болооруна ошондо эле көзүм жеткен. Анткени абдан чыйрак, эч нерседен тайманбаган күчтүү кыз эле. Айсулуу мектепте сабакты да жакшы окуган. Математиканы өтө жакшы билет. Эсепти кыйын чыгарат. Ал тургай күрөштө дагы математиканы колдонуп, эсептик ыкмалар менен күрөшөт.
– Айсулуу дагы канча жашка чейин күрөшүү мүмкүнчүлүгү бар?
-Аял киши 30-32 жашка чейин күрөшө алат. Олимпиада оюндарында 32- 33 жаштагы кыздар чемпион болуп жүрүшпөйбү. Айсулуу азыр жаш, болгону 25 жашта. Андыктан ийгилиги алдыда.
-Медалды Айсулуу алат, сиз машыктыруучу катары кандай наам, сыйлыктарды алып жүрөсүз?
-Айсулуунун жетишкендиги мен үчүн чоң сыйлык, чоң медаль. Андан өткөн сыйлык жок мен үчүн. Машыктырган спортчуң ийгиликке жетип, өлкө намысын коргоп турса, бизге андан өткөн сыйлык барбы? Машыктыруучу деле журналист, обончу, акын сыяктуу эле чыгармачыл адам. Спортто машыктыруучу акчаны көздөбөйт. Ал ийгиликти, жеңишти көздөйт. Обончу мыкты ыр жаратууну көздөсө, машыктыруучу жакшы балбанды таптап чыгарып, ошонун ийгилигин көрүүгө ынтызарланат. Материалдык жактан айтсам, мамлекет бизге көргөзгөн натыйжабызга, жетишкен ийгилигибизге жараша айлыгыбызды төлөп берет. Европа, Азия мамлекеттеринен спортчуларына төлөнгөн каражатты биздики менен салыштырып болбойт. Алыс барбай эле Казакстандын машыктыруучуларын алсак, аларга төлөнгөн акчадан бизге төлөнгөн акча он эсеге аз. Казакстанда менин децгээлимдеги машыктыруучулар айына 3 миң доллардан 5 миң долларга чейин алышса, мен болгону 20 миң сомго жетпеген акча алам.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ