Бишекте 77 жаштагы кайын энесин өлтүрүп, өз аялын да өлдү деп таштап кеткен Руслан аттуу жаран кармалганын милициядан кабарлашты. Маалым болгондой окуя 23- январда болгон. Анда 42 жаштагы Елана аттуу аял Руслан аттуу жарандык никедеги күйөөсү менен арак ичип, андан соң Руслан Еленанын апасынан акча талап кылган. Акча жоктугун айткан анын апасын дароо таш менен башка чаап өлтүрүп, апасына болушкан Еленаны муунтуп, акыл-эстен танганда өлдү деген ой менен таштап кете берген. Бирок бактыга жараша Елена аман калган. Ал Русландын колунан апасы каза болуп, өзү өлүмдөн аман калганын милицияга кабарлап, милициялар ошондон бери кылмышкерге издөө салып, кечээ жакында эле аны кылтакка илишкен. Тергөө маалында ал буга чейин үч жолу сот жообуна тартылгандыгы аныкталган.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ