Кең Сары Өзөн Чүй далай келгиндерди батырып, аныгында, баарына бакыт тартуулаган керемет жер болду. Ыйык өрөөндүн уучу куру эмес экен. Күздөгү шайлоодо Чүйдөн чыккан бир талапкер эл башкарып кала турганы Теңирден аян берип атканы угулууда… Эмесе, тикелей эле аламанга аттангандарды санайлы. Булар хан тактыга жетүүгө ниеттенип, бел байлап турган тыңчыкмалар: Мыктыбек Абдылдаев, Туйгунаалы Абдраимов, Темир Сариев, Камила Шаршекеева, Элмира Ибраимова, Канат Исаев жана дагы бир талапкер бар. Ошондо жетөө чыгып атат. Кыргызда «Жетинин бири кыдыр» дейт. Мына ушул инсандардын таймашында кимиси президент боло турганы азырынча табышмак. Албетте, арасында «соодалашып» кете тургандары да болсо, а аягында жеңишти багындыра турган бирөөсү чыгышы мүмкүн. Биз бул маанайда дагы сырдуу карталарды ачмакчыбыз…
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ