Бишкектеги “Ала-Too” аянтына жакын жайгашкан “Илбирс” имаратынын ашканасынан 1- март күнү саат үчтөр чамасында күйөөсү менен аялы уруша кетип, күйөөсү аялын катуу сабаган. Окуяга ошол жерде отурган жарандар менен ашканын кызматкерлери толук күбө болушкан. Бирок, аялы көпчүлүктүн көзүнчө токмок жегенине ызаланганбы айтор, күйөөсүнүн үстүнөн милицияга арызданган. Көп өтпөй эле милициялар күйөөсүн кармап барып камакка алышкан. Азыр окуянын чоо- жайы иликтенүүдө.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ