Menu

Учактагы жүктүн ээси Атамбаев экенине канчалык деңгээлде ишенсе болот?

Бөлүшүү:

Абакта жаткан “Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин юристтери “Манас” аба майданына жакын Дача-СУ аймагында кулаган учактагы жүктүн ээсинин ким экенин атайын документтер менен көрсөтүштү. Документте көрсөтүлгөн маалыматка ишенсек жүктүн ээси президент Алмазбек Атамбаев жана жубайы Раиса Атамбаева  экен. Буга канчалык деңгээлде ишенүүгө болот?

Марат Кайыпов, экс-министр:

«Текебаев балким ошол жүктүн ээсине тийешелүү документ тапкандыр»

— Жүктүн кимдики экенин бийлик ушул күнгө чейин жашырып жатканы ошол жүктүн ээси бийликтеги эң жогорку киши экендигин айгинелеп турат. Текебаев балким ошол жүктүн ээсине тийешелүү документ тапкандыр. Бирок, анын түп нускасын көрсөтүш керек. Көчүрмөсүн эмес, түп нускасын көрсөтсө туура деп ишенсе болот. Биз жүктүн ээсинин ким экенин азыр билбесек кийин билебиз. ИКАО деген Эл аралык авиация уюму бар. Ошонун Монреалда кабыл алган конвенциясынын негизинде жүк ташыган авиа компания жүк жоголсо же бузулса, болбосо кыйрап калса жүктүн ээси камсыздандырылган чыгымын төлөп берет. Ошону алгандан кийин гана баарын билебиз. Ага чейин бул бизге табышмак бойдон кала берет.

Мамбетжунус Абылов, коомдук ишмер:

«Эрдоган “Кыргызстанда Гүлендин балдарынын баары бийликке кирип кетиптир”- деп айтты. Чын эле ошондой экен»

— Бул документке ишенсе, ишенбесе да болот деген пикирде болуп турам. Атайын органдын документин эч качан физикалык жүздөргө бербейт. Эгер маалыматтар атайын органдан чыкпаса анда мыйзамсыз болуп эсептелинет. Бул документ түрктөрдүн авиа компаниясына тийип, анан алар аркылуу булардын колуна тийсе анда чындык болуп эсептелинет. Анткени, расмий орган менен компаниялар иштешет дегендей. Булар бийликте турганда чындыкты уга албайбыз. Кечээ жакында Турциянын элчиси бизден бул документ берилген эмес деп айтып жатпайбы. Экинчи жагынан алып караганда негиз болушу мүмкүн. Балким, булар документти башка органдар аркылуу алышкандыр. Анда бул мыйзамдуу документ болуп эсептелинет. Биздин УКМКдан документ чыкпайт. Түркиянын чалгындоо кызматынан документ чыгабы? Булар эгерде түрктөргө кайрылып, ушундай иш чара болуп калды, биз бул жагын билбей жатабыз дей турган болсо түрктөр таап алып берсе жакшы. Булардын түрк бийлигине түз чыгып суроого укугу жок. Анткени расмий бийлик жеке адамдар менен иштебейт. Алар бир гана Эл аралык келишимдердин негизинде гана беришет. Ал жакта маалымат бөлүшүү деген норма бар, ошол аркылуу ишке ашырылат. Атайын органдар мындай маалыматтарды ката жазмак турсун үтүрдү туура эмес коюшпайт. Түркиянын президентинин аппаратында өтө сабаттуу адамдар иштешет. Биз билгендей 650 жыл мамлекеттүүлүгү турган өлкө. Ката жазышпайт, ушунчалык так иштешет. “Ата-Мекен”  партиясынын юристи дагы жакшы сүйлөй албай койду. Эмнеге алар кагаздарды депутаттык гана комиссияга берет. Ал кыз “түп нускасы бизде, комиссиянын колуна тапшырабыз, биз жооп беребиз”-десе болмок. Тилекке каршы айта албай коюшту. Бул деген өтө коркунучтуу нерсе. Эгер документ жасалма болсо партиянын юристи бүгүн камалып кетиши мүмкүн. Эгер бул документ чын болсо анда президентке тез арада импичмент жарыялап, дароо кызматын тапшырып бериши керек. Кызматтан кеткенден кийин баш коргоо чарасын ачып кылмыш ишин козгоп, качып кетпеши үчүн үй камагына чыгаруу зарыл. Сот эмне деп жыйынтык чыгарат, ошого жараша жазасын алуусу зарыл. Ошол учак Кыргызстанга 52 жолу келиптир бирок кайда таратканы белгисиз экен. Алынып келинген товарлар кимге тийешелүү экендигин эч ким билбейт. Патентке 1000 сом төлөп коюп жеке иштерин жасап жүрө беришет. Депутаттарыбыз жакшы болгондо бүгүн маселе көтөрүп, комиссия түзүп Турцияга жөнөтүшсө, алар барып изилдеп келишсе болмок. Эрдоган “Кыргызстанда Гүлендин балдарынын баары бийликке кирип кетиптир”- деп айтты. Чын эле ошондой экен. Бул жерде мындай ишти Гүлендин кишилери дагы  жасашы мүмкүн.

Эркин Булекбаев, экс-депутат:

«Балким, Түркиянын бийлиги бул ишке Атамбаевди аралашты деп атайын жасап жаткандыр»

— Документ чыккандан кийин бул факты боюнча иш козгоп тергөө иштерин жүргүзүү керек. Документ чыккандан кийин күнөөлөнүп жаткан адам жоопкерчиликти алып өзүнүн ак экенин көрсөтүү зарыл. Атайын органдар патриот болобу-болбойбу, бул ишти жасоосу зарыл. 2004-жылы биздин Кыргызстанда дагы Акаевдин бийлиги кыргыз элин ит менен аттан төмөн кылганда “Көк бөрү” федерациясынан сурап көргөм. Аттарга кандай документ колдоносуңар десем паспорт жана ветеринардык справка деп айткан. Ошол убакта элдин паспорту жок болчу. Бул маалыматты эл мага бергенде атайын иштерди карап көтөрүп чыккам. Балким биздин атайын кызматтарда деле бийликке баш ийбеген патриоттор бар чыгаар деп ойлойм. Сентябрь айында Атамбаев БУУнун жыйынына бара жатып ооруп калганда Түркиянын бир дагы расмий бийлиги келген эмес. Бул деген Атамбаевди кабыл албаганын билдирет. Балким, Түркиянын бийлиги атайылап бул ишке Атамбаевди аралашты деп атайын жасап жаткандыр. Бул оюнчук эмес, эгерде мамлекет башчысынын аты аталып жаткан болсо, ал аз келгенсип үй-бүлөсүнүн аты аталып жатса президент өзү моралдык жактан жоопкерчиликти алышы керек.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 − = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: