Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев бүгүн парламент тарабынан кабыл алынган Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун Конституциялык кеңешке жөнөттү.
Президенттик администрациянын расмий билдирүүсүнө ылайык, Конституциялык Кеңешке долбоор мамлекеттин башкаруу формасына жана ишмердүүлүгүнө негиз салчу принциптерге шейкеш келээр-келбестигин аныктоо үчүн жөнөтүлгөнү айтылат.
Конституцияга сунушталган өзгөртүүлөр долбоору бүгүн парламенттин акыркы окуусунда кабыл алынган. Жалпысынан Конституциянын 19 беренесине 26 өзгөртүү киргизүү сунушталууда. Бийликтин маалыматы боюнча өзгөртүүлөр президенттин айрым ыйгарым укуктарын өкмөткө жана парламентке өткөрүп берүү үчүн киргизилүүдө.
Алсак, мамлекеттик программаларды жана каржылоонун бирдиктүү системасын, ошондой эле бюджеттин эсебинен каржыланчу бардык органдардын кызматкерлеринин эмгек акыларын бекитүү боюнча президенттин ыйгарым укуктары өкмөткө өтөт. Министрлик орундарга талапкерлерди президентке премьер-министр сунуштайт. Тышкы иштер, ички иштер жана коргоо министрлерин мамлекет башчы өз алдынча дайындайт. Андан сырткары Казакстандын туңгуч президентинин макамы Конституциянын дагы бир беренесинде бекитилет.
Казакстандын учурдагы Конституциясы 1995-жылы жалпы улуттук референдумда кабыл алынган, андан бери ага бир канча жолу өзгөртүүлөр киргизилген.
Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ