Menu

Орусия Коргоо министрлиги Сирияда курман болгон аскерлер тууралуу маалымат берди

Бөлүшүү:

Орусиянын Коргоо министрлиги Сирияда орусиялык аскер кызматкери Артем Горбуновдун курман болгонун ырастады. Бул тууралуу “Интерфакс” агенттиги билдирди.

Мекеменин маалыматы боюнча Горбунов Пальмиранын алдында «Ислам мамлекетинин» жоочулары менен болгон согушта мерт кеткен.

24 жаштагы Горбуновдун каза болгондугу тууралуу мурдараак көз карандысыз Conflict Intelligence Team тергөө тобу билдирген.

Дүйшөмбү күнү Сирияда дагы бир орусиялык аскер — 23 жаштагы Иван Слышкиндин курман болгондугу белгилүү болду. РБКнын маалыматы боюнча ал «Вагнердин тобу» деп аталган каттоодон өтпөгөн жеке аскердик компаниянын катарында кызмат өтөп жүргөн.

Бул маалыматты өлкөнүн Коргоо Министри ырастаган да, төгүндөгөн да жок. Мекеме “Интерфакс” жолдогон катка жооп катары Слышкин 2013-жылы запаска жөнөтүлгөнүн гана билдирген.

Расмий маалыматтар боюнча эле Сириядагы согуштук операциялар башталган бир жарым жылдын ичинде орусиялык 30га жакын аскер курман болду.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 15 = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: