Айтылуу Азимбек Бекназаров президент Атамбаевге Текебаев менен Чотоновдун баш коргоо чарасын өзгөртүүсүн «мойнуна камчы салып суранарын» билдирип кайрылуу жолдоду. Анда учурдагы кырдаалда президент да, Текебаев да утпасын, тескерисинче кыргызда айтылгандай “эрегиштен эр өлөт” болушу ыктымалдыгын айткан. Мындан улам, бул кырдаалдан үчүнчү күчтөр пайдаланып кетүүсүнө тынчсызданган Бекназаров президент Атамбаевди мамлекет башчы катары айкөлдүк кылып, “Ата Мекенчилер” Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновду камактан чыгаруусун сурап, “2010-жылдын апрелинен 2016-жылдын август айына чейин тандемдеш, үзөңгүлөш болуп мамлекетти башкарып келген экөө тең бул аралыкта өлкөдө болгон бардык кемчиликтер үчүн бирдей жоопкер экенин билдирген.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ