Эл башкарам деген амбициясы барлардын айрымдары президенттик шайлоого аттанышаарын ачык айтып камылга көрүп жатса, кээлери тымызын даярдык көрүп жаткан кез. Ошондой жең ичинен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, президенттик такты мелжеп жаткандардын арасында Кочкор районунан чыккан олигарх Рахатбек Ирсалиев бар. Курулуш бизнеси гүлдөп, ити чөп, акчасы самандай сапырылган бул жигит учурда каражат жагынан каржалбай турганын айтып, шайлоодо саясий салмагын аныктап көргүсү келип жатыптыр. Мурда-кийин Жогорку Кеңештин депутаты болуп, мансаптын даамын татып калган жаны тынч жата албай жатса керек. Анын үстүнө акча деген көздү май бастырат эмеспи. Айтмакчы, бул жигиттин агасы Дүйшөн Ирсалиев Кочкор районундагы мамлекеттик маанилүү маселелердин баарына мурдун тыгып, райондун көмүскө кожоюнуна айланып алды. Бүгүнкү күндө Бишкек эркин экономикалык аймагын жетектеп, өзү бий, өзү хан болуп, оозунан муз бүркүп турган чагы. Мүлк фондун башкарып турганда Кытай Эл Республикасынын эски имаратын менчиктештирип алган жайы да бар. Айтор, кызарган жерден кыя өтпөгөн немелер…
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ