Menu

Президент Алмазбек Атамбаев 8-март – Аялдардын эл аралык майрамы менен куттуктады

Бөлүшүү:

Бүгүн, 7-мартта, Президент Алмазбек Атамбаев аялдарды 8-март – Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Төмөндө куттуктоонун текстин толук келтиребиз:

“Урматтуу Кыргызстан айымдары!

Баарыңыздарды жаздын, жаңылануунун жарчысы болгон Эл аралык аялдар майрамы менен чын дилимден куттуктайм!

Март майрамы узак кыштын түнт күндөрүнөн кийин жарк этип тийген күндөй, карды тээп чыккан гүлдөй көӊүлүбүздү ачат, жашоого дем берет.

Жарыкчылыкта эненикине теңдеш мээрим болбойт, ошондуктан оболу бардык энелерге башымды ийип таазим этем.

Элибизде эзелтен кыз баласын дайыма төргө чыгарып, өзгөчө урмат-сыйга бөлөп келген. “Кыздын кырк чачы улуу” деген нуска сөз ар бирибиздин аң-сезимибизге терең ширелген.

Кыргыз элинин байыркы тарыхында айкөл Манасты берген Чыйырдыдан тарта Каныкей менен Айчүрөк, Жаңыл Мырза менен Кыз Сайкал, Курманжан Датка сыяктуу даанышман, каарман жана мээнеткеч аялзатынын образы калыптанган.

Жоокер заманда ач бел, куу жондо от таап, ташка нан жаап, бүт журтту сактаган да, чабышкан тараптарды жараштырган да, керек кезде эки тизгин, бир чылбырды колго алып, эл баштаган да асыл аялдар болгон.

Кыргызстандын соӊку тарыхында оор сыноолорду аялдар чыдамкайлыгы жана кайраты менен жеӊип чыкты. Азыр кайсы тармакта болбосун айым лидерлер четинен табылат. Кыз-келиндерибиз жеӊил өнөр жайын жандантып, азыр “Кыргызстанда жасалган” деген кийим-кече өлкөбүздүн брендине айланууда.

Маданият менен искусстводо, кол өнөрчүлүктө, спортто албан ийгиликтерди жаратып жаткан айымдарыбыздын калыӊ катары өсүп чыкты.

Жергебизде тынчтыктын өкүм сүрүшүндө, жашоо-турмуштун бир нукка түшүп, өнүгүүгө карай бурулушунда сиздердин эмгекке баа жетпейт, асылкеч аялдар!

Эне сүтүн актаган, анын кадырына жеткен, аялзаты урмат-сыйга бөлөнгөн коом гана өсүп-өнөт.

Ардактуу энелер, кымбаттуу эже-карындаштар!

Бүгүн сиздер үчүн өзгөчө күн. Өлкөдөгү тынчтык, жакындардын амандыгы, үй-бүлөдөгү бакыбаттык – сиздерге улуу белек. Сиздер күн сайын белек алууга, урмат-сыйга бөлөнүүгө татыктуусуздар.

Ар дайым жүзүңүздөрдөн жылмаюу кетпесин, жаркын маанай, жакшылыктарды каалайм! Баарыӊыздарга чыӊ ден соолук, узак өмүр тилейм! Майрамыңыздар кут болсун!

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − 57 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: