Menu

Сапар Аргымбаев, Саясий туткундарды коргоо комитетинин төрагасы: “Бүгүн репрессия күчөп баратат…”

Бөлүшүү:

Ата-Мекен” партиянын төрагасы, Жогорку Кеңешин депутаты Ө.Текебаевдин жана анын партиялашы Д.Чотоновдун камакка алынганын айрымдар “саясий куугунтук” катары бааласа, өлкө башчысы: “бул иште саясат жок, болгону эле катардагы кылмыш иш”- деп билдирди. Биз бул багытта Саясий туткундарды коргоо комитетинин төрагасы Сапар Аргымбаевке кайрылдык.

Партия жетекчиси, Жогорку Кенештин депутаты, анын партиялашы эки ай абакта кармала турган болду. Сиз жетектеген коми­тет буга кандай баа берүүдө?

-“Бир адам айтты” деп эле далилдери жок камай берсе анда эртең бийликке же күч органдарына ким жакпай калса, баарын ка­май берсе болобу? “Белиз-гейти” менен камайбыз деп аракет кылышты эле, далилдер жалаа болуп чыкты. Партиялаштары Саляновага, Шыкмаматовко бийлик кылмыш иштерин ачты. Саясий куугунтук болуп жатканы балага да түшүнүктүү болуп турбайбы.

Силердин комитетинер эмне себептерден саясий туткундарды коргойт? Же саясий көз-карашынар бир болгонунанбы?

-Комитеттин мүчөлөрүнүн да, туткундардын да саясий көз караштары ар башка.

Анда эмне үчүн комитет түзүп, биригип, аларды колдоп жатасыңар?

-Конституциянын 93 беренесинде минтип жазылып турат: “Кыргыз Республикасында сот адилеттигин сот гана ишке ашырат. Сот системасы Конституция жана мыйзамдар менен белгиленет,”- деп. Ал эми саясий максат менен кылмышка тартылгандарга, кылмыш иш козголгондорго жана соттолуп жаткандарга тергөө да, сот да адилет, калыс, акыйкат мамиле кылбаганын тарыхтан да, турмуштан да жалпыбыз жакшы билебиз. СССР доорунда Баялы Исакеев, Ишеналы Арабаев, Төрөкул Айтматов, Белек Солтоноев жана башка миңдеген кыргыз патриоттору соотолуп, атылгандан 30 жыл кийин толук акталбадыбы. Акаев, Бакиев бийлик жүргүзгөндө соттолуп, бирок кийин акталгандар арабызда жүрбөйбү.

Демек, саясий себеп менен иш козголуп жана соттолгондорго калыс, адилет тергөө да, сот да болбойт экен да. Муну фактылар менен далилдеп бере алысызбы?

-Мен өзүм бир жыл камалып, кийин акталдым. Жаңы мисал келтирейин. 70 жаштагы 12 кесел менен катуу ооруган ардагер Дастан Сарыгулов былтыр камалган. Аны УКМК “Хоменюктүн көрсөтмөсүнүн негизинде Кумтөрдөгү коррупцияга байланыштуу камалды”- деп элге жарыя кылган. Хоменюк “Азаттыкка” – “мен андай көрсөтмө берген эмесмин” деп айтып, УКМКын калпын жокко чыгарды. Эч бир далили жана негизи жок Сарыгуловго “мамлекетке чыккынчылык кылган” деген айып койду УКМК. 105 күн абакта жаткан оорукчан карыяны бир дагы тергөө амалын жүргүзбөй, бир дагы сурак кылбай, УКМК өзү үйүн катуу тинтүүгө алып, эч бир далил таппай, кылмыш ишин кыскартып, “абактан бошотулсун” деген токтом кабыл алды сентябрь айында. Би­рок абактан чыгарган жок. “Бийликти басып алууга тийешеси бар” деп, тергөө иши бүтүп, бул айыпты далилдеген бир дагы факт табылбаса да, камакка алынсын деген соттун негизсиз жана мыйзамсыз чечими ме­нен УКМКын СИЗОсунда калтырылды. Бул мыйзамсыздыктын жана адилетсиздиктин бир эле мисалы. Болгондо да 70 жаштагы оорукчан карыяны кордогон факт.

Үч күн мурун төрт адвокат маалымат баракчасында бийликти басып алуу боюнча айып тагылган К.Кадыров, Б.Асанов, Э.Карыбеков, Д.Сарыгуловдун соту аяктап калганын айтышып, Асанов менен Кады­ров акыркы жолу Сарыгуловго 2013-жылы кокустан жолукканы, андан бери 2014, 2015, 2016-жылдары бир дагы жолукпаганы, байланышпаганы талашсыз анык болгонун, тергөө далай мыйзам бузуулар менен жүргүзүлгөнүн, бийлик басып алууга акча, курал, план ж.б. бир дагы далил табылбаганын, башка бир дагы адам бийликти басып алууга катышпаганын баса белгилешиптир. Саясий өңүттө козголгон кылмыш иш чын эле адилетсиз жана мыйзам бузуулар менен коштолгонуна эми калың эл күбө болуп, ишене баштайт окшойт…

-2016-жылдын март айынын аягында жалпы өлкөгө көрсөтүлгөн тасма да жалган болгонун адвокаттар жазып чыгышты го… Ар бөлөк үн жазуу жана видеолордон үзүндүлөрдү алып, чаптап, төрт адамды бириктиришип, “бийликти басып алганга даярданышкан”,- деп жалган маалымат таратып, элди УКМК атайын ишендирип, күнөсүү жок адамдарды бир жыл абакта кармап жатпайбы. Дагы кандай далил керек?

Анда “Белизгейт”, Саляновага, Шык­маматовко, Чотоновко, Текебаевке козгол­гон кылмыш иштер да ушундай жасалма болушу мүмкүн экен да? Жок, андай эмес деп, эч ким бышык айта албайт турбайбы?

-“Андай эмес” деген кепилдикти эч ким бере албайт. Ушул себептен Текебаевди, Чотоновду саясий туткундар деп таанып, биздин комитет алардын адам укуктарын коргогонго катышабыз деген чечим кабыл албадыбы. Экс-президент Роза Отунбаева дагы саясий репрессияларга каршы баардык күчтөрдү биригүүгө чакырбадыбы. Коомго репрессиялар зор коркунуч жаратаарын биз бир жыл мурун эле түшүнүп, саясий туткун­дарды коргоо комитетин түзгөнбүз. Бүгүн репрессия күчөп баратат. Ким адилетти ыйык тутса катарыбызга кошулууга чакырабыз. Акаев, Бакиевге каршы эл тамак, жем, үрөөн же жумуш орун сурап көтөрүлгөн эмес. Адилетсиз саясат жүргүзгөнүнө кар­шы эл көтөрүлгөн. Ошондой абалга эл кай­ра жетпесин, тынчтык, ынтымак болсун деп биздин Комитет иштеп жатат.

Булак: “Майданkg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 75 = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: