Кыргызстандын түштүк башкалаасынын 70 жаштагы тургуну Мамыт Таштанов Мекке шаарындагы ажылыкка велосипед менен барып келерин дагы бир жолу тастыктады.
– Ушул максатта күн сайын 100 чакырым жол жүрүп жаткан чагым. Ошондо Мекке Мединага сегиз айда араң жетет экенмин. Эң башкысы: 50 градустук аптаптуу чөлдөрдү, 30 градустук ызгаардуу суук баскан аймактар аркылуу өтүшүм абзел! Баарына эмитен көнүп жатамын, – деди Мамыт Таштанов.
Бул максатта Мамыт аба Таштанов таңкы машыгууларды такай жасап, хоккей ойноп, дени сак жашоого ыктап жатканы маалым. Буга дейре Сауд Арабиянын ыйык жерлерине велосипедчен 4 малайзиялык жөнөгөн. Азыр алар Иранга жетип калышты.
Булак: “Майданkg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ