Menu

Эркингүл ИМАНКОЖОЕВА, Жогорку Кеңештин экс-депутаты: “Текебаевдин учактан түшөрү ме­нен камалышы бул бийликтин бир нерседен корккондугун билдирип турат”

Бөлүшүү:

-КСДПдан депутат болдуңуз эле, анан бүгүнкү күндө Текебаевди колдоп чыгууга сизге эмне түрткү берди?

-Мен ЖК 5-чакырылышынын депутаты болдум, ошол кездеги менин коллегаларым – КСДП фракциясынын депутаттары жакшы иш алып барышты, ал кездеги депутаттар акча менен элди сатып алышкан эмес, ар биринин элге жасаган кызматы бар эле. Депутат болгонго чейин элдин укугун коргоп, “Кумтөр” компаниясынын экологияга болгон терс таасирин, келишимдердин кыргыз тарапка эмес, чет мамлекеттик компания “Центерра голддун” кызыкчылыгына түзүлүп калгандыгын айтып жүрдүм. Ал кезде чиновниктер коркуп, баш көтөргөн патриоттор аз болду. 2005-2007 жылдарда компаниядан элге 4,5 миллион доллар компенсация төлөттүрүп берүүгө элдин колдоосу менен жетиштик. Мен буларды айтып, мактангым келген жок эле, бирок айтпасаң башкалар ээлик кылып пиар кылышат тура. 2015-жылы “Ата Мекен” партиясынын атынан көп багыттарым дал келгендиктен шайлоого катыштым. Айрыкча Ө.Текебаев менин “КР мөңгүлөрү” жөнүндөгү мыйзамымды ачык колдоп чыкты.

Текебаевди “учактагы жүк Атамбаевдики” деген маалыматы үчүн камап салыштыбы? Ошол маалыматтын чындыгына канчалык ишенсек болот?

-Учактын айынан болгон кырсык, кыргыз элине чоң бир сыноо болгондой болду, мындай тагдырды эч бир элге бербесин! Кыргыз элинин жалпы кайгысы болду. Эмнеге ушул мезгилге чейин жүктүн ээси табылбаганы чоң

суроону жаратып келет. Кытайдан жөнөтүлүп жатканда жазылат да, ким жөнөттү, кайсы жакка, ким тосуп алат.. Эми бул уят нерсе, белгисиз болушу, мен ойлойм кимдики болсо да ээсин табыш керек! Ө.Текебаевдин учактан түшөрү ме­нен камалышы бул бийликтин бир нерседен корккондугун билдирип турат, андай болбосо дем алыш күнү эмес, жумуш учурунда атайын чакыруу баракчасын берип чакыртып, суракка алса болот эле.

Атамбаев сыйлык тапшыруу аземинде Текебаевдин ар бир сөзүнө реакция берип, “Кипрде байлыгым жок, эгер бар болсо депутаттар бөлүп алгыла” деди, бул эмнени кацкуулайт?

-Мен билбейт экенмин президенттин Кипрде байлыгы барбы же жокпу. Бирок, мыйзамсыз иштери болсо президентпи, депутатпы, мыйзам алдында жооп бериши керек.

Бийлик Текебаевди каралоодо жалаң гана чет элдик жарандардын көрсөтмөсүнө таянууда, ошол эле убакта “Турциянын атайын кызматы тарабынан аныкталган”- деп “ата-мекенчилер” какшап жаткан кырсыктаган учактагы жүктүн ээси боюнча маалыматты четке кагып жатат, аны да түрк элчисинин кебине таянып айтты. Бул боюнча пикирициз кандай?

-Текебаевди кайдагы бир аферист Маев­ский аттуу жарандын ушак сөзү менен кармалганы – мыйзамсыз саясий куугунтук. Анткени, Текебаев бийликти парламентте бир канча жолу сындаган, оппозиция сындаш керек, эл­дин сөзүн да жеткизиш керек, ал ошону үчүн депутат. Ал эми бийлик өкүлдөрү туура эмес айтылган иш болсо, чычалабай, фактылар менен далилдеп бергенди качан үйрөнүшөт? Булар андан ашып түшүп, оппоненттеринин жеке аброюна шек келтирип, саясий маданияттын жаман үлгүсүн көрсөтүп жатканына ичиң ачышат…

Атамбаев “парламент ушак чыгаруучу органга айланды, таркап кетишсин”- деди, алардын канчалык мүмкүнчүлүктөрү бар таркап кетүүгө?

-Парламент депутаттары таркап кеткенге барышпайт, анткени ар бири чоң акча менен келип отурушат, акчасы жокторду сүрүп чыгарып жатат, эл тараза. Талаш-тартыш негизи көчөдө эмес, парламентте болгону жакшы. Парламенттик башкаруунун табияты ушунда да. Булар ушул миссияны аткарбагандыктан, ызы-чуу, талаш-тартыштын баары көчөгө таркап, митингдер башталды. Ошентсе да Жогорку Кеңештин таркаарына менин көзүм жетпейт, депутаттар азыр өздөрүн-өздөрү сактоого барышат, президентке каршы турушу да мүмкүн.

Булак: “Майданkg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: