Түркмөнстандын Түркмөнабад шаарында Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун эстелиги тургузулду. 7-мартта анын расмий ачылышына Өзбекстан мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев менен Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов катышты.
Түркмөнстандын Мамлекеттик маалымат агенттиги билдиргендей, андан сырткары Лебап аймагынын административдик борборундагы (Өзбекстандын Бухара облусу менен чектешет) көчөлөрдүн бирине Ислам Каримовдун ысымы ыйгарылды.
Түркмөнстан президенти чогулгандардын алдында сүйлөп жатып эки өлкө ортосундагы өз ара мамилени өнүктүрүүдө Ислам Каримовдун ролу чоң экенин белгиледи.
«Өзбекстандын биринчи президентине мыкты эстелик — бул анын ишин татыктуу улантуу», – деди Гурбангулы Бердымухамедов. Түркмөн лидери эки өлкө элинин өз ара түшүнүшүүсүнүн жогорку деңгээли, жалпы тарыхый түпкү теги мындан ары да мамлекеттер ортосундагы кызматташтык үчүн бекем пайдубал болуп берет деген ишенимин билдирди.
Соңунда Өзбекстан менен Түркмөнстандын президенттери Ислам Каримовдун эстелигине гүлчамбар коюшту.
Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ