Адвокаттар Өзбекстандын маркум президенти Ислам Каримовдун кайниси Акбарали Абдуллаевди Ташкентке өткөрүп бербөөнү өтүнүп жатышат. 7-мартта алар Киевде маалымат жыйынын өткөрүп, Өзбекстанды ишенимге татыксыз өлкө деп аташты.
23-февралда Киев шаардык соту Акбарали Абдуллаевдин камактагы мөөнөтүн дагы бир жылга узартуу чечимин чыгарган. Учурда ал Украинанын Коопсуздук кызматынын тергөө абагында камакта. Татьяна Каримованын 33 жаштагы жээни Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын талабы менен Киев аэропортунда ушул жылдын 14-январында кармалган. Мекенинде ал жүздөгөн миллион долларды кымырып алган деп айыпталууда.
Бирок Акбарали Абдуллаевдин өзү бул айыптар боюнча 2013-жылдан 2016-жылга чейин Өзбекстанда жаза мөөнөтүн өтөгөнүн, учурдагы айыптоолор саясий негизде тагылып жатканын билдирүүдө.
Анын жактоочуларынын бири Оливер Уоллеш Абдуллаев Украинага мыйзамдуу келгенин, жанында паспорту жана Өзбекстанда берилген визасы болгонун билдирди. «Страсбург сотуна ылайык, эгер Өзбекстан ага карата адилет сот болорун, укуктук жардам берилип, кыйноолорго алынбай турганын убадаласа да, ал кепилдиктер жетишсиз болот. Европа соту Өзбекстанды ишенимге татыксыз деп тааныган», – деди ал.
Киев прокуратурасынын басма сөз катчысы Надежда Максимец Абдуллаев качкын макамын алуу үчүн документтерин тапшырганын жана акыркы өкүм чыгарууда ал эске алынарын билдирди.
https://www.youtube.com/watch?v=kkZBJvivEJA&feature=youtu.be
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ