Menu

Евробиримдик Кыргызстандагы жемкорлукка каршы күрөш үчүн 555 миң евро бөлөт

Бөлүшүү:

Евробиримдик Кыргызстандагы коррупциянын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча долбоорду ишке ашырууга 555,5 миң евро бөлөт. Бул тууралуу ЕБдин өлкөдөгү өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Долбоорду ишке ашыруу расмий түрдө Европа Кеңешинин жана өлкөнүн коррупцияга каршы күрөшүү органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда Бишкекте 9-мартта башталат.

Маалыматка караганда, долбоордун узактыгы 24 айды түзөт. Ал Европа биримдиги тарабынан каржыланып, Европа Кеңешинин экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча кызматташуу бөлүмү тарабынан ишке ашырылат.

Долбоор мамлекеттик органдардын жемкорлукка каршы күрөшүү боюнча натыйжалуу стратегияларды иштеп чыгуусу жана жүзөгө ашыруусу жаатындагы мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөөгө багытталган. Анын алкагында тиешелүү органдарга укуктук көмөк көрсөтүү, коррупция фактыларын далилдөө механизмдери менен иштөө, ошондой эле кабар берүүчөрдү коргоого жардамдашуу боюнча тренингдерди өткөрүү каралган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 + = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: