Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-мартта, бир күндүк жумуш сапары менен Талас облусуна барат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кызыл-Адыр айылындагы фитосанитардык лабораториянын ачылышына катышат.
Мындан сырткары, «Тараз-Талас-Суусамыр» автожолунун курулушу, «Арашан» майда кайра иштетүүчү заводунун ишмердүүлүгү менен таанышып, Талас облусунун Кара-Буура районунун Сатыке айылындагы орто мектептин ачылыш аземине катышат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ