“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен анын орун басары Дүйшөнкул Чотонов 25-апрелге чейин УКМКнын тергөө абагында болушат. Кечээ эки саясатчынын баш коргоо чарасын караган Бишкек шаар соту Биринчи май райондук сотунун аларды эки айга камоо тууралуу 27-февралда чыгарган чечимин күчүндө калтырды.
Бул тууралуу Текебаевдин адвокаты Чынара Жакупбекова билдирди. Адвокат шаардык соттун чечимин мыйзамсыз деп атап, бүгүн,10-мартта апелляциялык арыз менен Жогорку Сотко кайрылышарын кабарлады.
Текебаев 2010-жылы орусиялык Леонид Маевскийден миллион доллар пара алган деп айыпталып, 26-февралда кармалган жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына камалган. Өзү муну саясий куугунтук деп сыпаттоодо. Ал кармалгандан бери Бишкекте жана Базар-Коргондо колдоочуларынын нааразылык акциялары өтүп жатат.
Партия лидеринин ишине тиешеси бар деп убагында өзгөчө кырдаалдар министри болгон, Кыргызстандын Түштүк Кореядагы мурдагы элчиси Дүйшөнкул Чотонов эки айга камалган.
Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ