“Азаттык” радиосунун Кыргызстандагы кеңсесинин директору Султан Каназаров ээлеген кызматынан бошотулганы кеп болуп жатат. Бирок бул боюнча “Азаттык” үн ката элек.
Султан мырзанын кызматтан алынышына президент Алмазбек Атамбаевдин “Азаттык” демократиянын нугунда эмес, кош стандарттуу саясат жүргүзөөрү боюнча айткан сын-пикири негиз болгону айтылууда. Коомчулук дагы президенттин сынында жүйө бардыгын, “Азаттык” акыркы жылдары өзүнүн вазийпасын аткара албай, демократиялык баалуулуктарга жооп бербей калганын белгилешүүдө. Айрымдар болсо “Азаттык” тарыхый милдетин өтөп бүткөнүн, мындан ары баштагыдай нукта иш алып бара албасын, демек жабылып калуу чегине жеткенин каңкуулашууда…
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ