Menu

Исламбек Масабиров – КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси болуп дайындалды 

Бөлүшүү:

Бүгүн, 10-мартта КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев өкүлчүлүктүн аппаратынын кызматкерлерине ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жаңы дайындалган аппарат жетекчиси Масабиров Исламбек Автандиловичти тааныштырды. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы Жолдошбай Осмонов билдирди.

Масабиров Исламбек Автандилович 25-апрель 1978-жылы Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айылында туулган. Ал буга чейин Таш-Көмүр шаардык мэриясында биринчи вице-мэр болуп иштеп келген. Билими жогорку. 2000 жылы Жалал-Абад мамлекеттик университетин ийгиликтүү аяктап, “ветеринар” адистигин алган. 2008-жылы Жалал-Абад шаарындагы Экономика жана ишкердик университетин ийгиликтүү аяктап, “бухгалтердик эсеп жана аудит” адистигин алган. Үй-бүлөлүү, өмүрлүк жубайы Курбанбекова Кулпунай мугалим. Эки кыз, бир уулдун атасы.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: