Menu

КСДП фракциясында Кыргызстандын билим берүү тутумунун азыркы абалы боюнча маалымат угулууда

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊештин КСДП фракциясынын кезектеги жыйынында билим берүү тутумунун абалы, аны реформалоо боюнча Өкмөттүн иши жөнүндө (мектепке чейинки, мектепте, кесиптик орто, кесиптик жогорку билим берүү) маалымат угулуп жатат. Жыйынга өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышууда. Бул тууралуу КР ЖК Басма сөз кызматы маалымдады.

Билим берүү өлкөнүн эӊ ири тармактарынын бири болуп саналат. Министр Гүлмира Кудайбердиеванын айтымында, билим берүү тармагына республикалык бюджеттин 20 пайыздан ашык бөлүгү жумшалып, 2011-2016-жылдар аралыгында мугалимдердин орточо маянасы 3,5 миӊ сомдон 13 миӊ сомго чейин жогорулады. «Мындан беш жыл мурда билим берүү тармагында мугалимдердин 3,5 миӊге жакын бош орду болсо, азыр ал 665 ваканцияга чейин кыскартылды», – дейт ал.

Учурда билим берүүнүн сапатын көтөрүп, окутуу стандарттарын бекитүү иштерине басым жасалып жатат. Ошондон улам, министрликтин алдында Координациялык кеӊеш түзүлүп, билим берүүнүн негизги багыттары талданып чыгууда. Мисалы, бюджеттик бөлүмдөрдө окуган студенттердин стипендияларын 2 эсе көтөрүү чаралары колго алынды. Ал үчүн 31 млн сом кошумча каражат талап кылынат.

Андан сырткары, ушу тапта жашы жеткен балдарды мектепке чейинки билим берүү мекемелерине 100 пайыз тартууга жетишилгени белгилүү болду. «Кыргыз парламенти менен аткаруу бийлигинин биргелешкен аракетинин натыйжасында мурда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен 209 бала бакча мамлекеттин карамагына кайтарылып алынды. Бул багыттагы аракеттер мындан ары дагы улантылат», – дейт ал.

КСДП фракциясында билим берүү тутумунун абалы, аны реформалоо боюнча Өкмөттүн иши жөнүндө маалыматты талкуулоо жол-жоболору улантылууда.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 − 46 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: