Menu

Кол чатырды жардамчысына карматып сүрөткө түшкөн, “ханский замашкасы” менен элдин эсинде калган Таалайбек Сарыбашев

Бөлүшүү:

Жараткандын жардамы менен өз түндүгүн көтөргөн элибиз чейрек кылымда көп нерсени баштан кечирди. Аң-сезимде болуп көрбөгөндөй өзгөрүүлөр орун алды. Албетте, жакшы жагын айтыш азырынча эрте, тескери нерселердин саны арбыды. Саясий айдыңды карасак, байлыкты чеңгелдеген ноендор кызмат талашуу менен алектенип, мышык-чычкан оюнун улантып жатышат. Алдыга кетер жолду бири дагы көрсөтө албады. Бүгүнкү күндө адамды эмес, системаны өзгөртсөк эле оңолобуз деген­дер жаңылганына күбө болуп отурабыз. Көрсө Сталин айткандай, бардыгын кадр чечет турбайбы.

Дегенибиз, мамлекетке дүйнөдөгү эң мыкты делген системаны орнотсо дагы, ал таза кадр болмоюнча иштеп кетпейт экен. Парламенттик башкарууга өттүк дегенден бери алты жылга аяк басты, өлкөдө өзгөрүүнүн кыпындай дагы учкуну тутанган жок. Баягы эле эски нукта иш жүрүп, бардык тармакта коррупция гүлдөп жатат. Элдин жашоо-турмушу жеңилдемек турсун, тескерисинче каатчылык кендирди кесүүдө. Демек маселе системага эмес, адамга байланарын турмуш өзү тастыктады. Мыкты кадр болмоюн, өлкөдө өзгөрүү болбойт экен. Иш билген таза жетекчи келмейин, мамлекет өнүкпөйт тура. Мына ушул маселе менен учурдагы кырдаалга көз чаптырсак, кадр тандоодогу алешемдиктер оркоюп көрүнүүдө. Тагыраак болушу үчүн бирөөсүнө токтолуп, Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашев боюнча айта кетүүнү туура көрдүк.

Ош облусу өлкөдөгү эң абройлуу аймактын бири болуп эсептелет. Өлкөдөгү башка региондордон кадыры жогору турушу үчүн экинчи борбор деген статус ыйгарылганы барына маалым. Демек Ошко мамлекет тарабынан өзгөчө көңүл бөлүнүп, атайын шарттар түзүлүп келе жатат. Бирок азыркы учурда Оштун атагы алыска угулбай, иши жүрүшпөй турган учуру. Социалдык-экономикалык абалы начарлоодо. Элдин турмушун оңдой турган программалар иштебей, күйүүчү жана майлоочу майлар менен бирге тамак- аштын кымбаттаганы калктын- нааразычылыгын туудуруп жаткан кези. Албетте, көйгөйлүү маселенин түйүнү жетекчиге барып такалат. Өкмөттүн Оштогу өкүлү Таалайбек Сарыбашевдин мойнуна тагылган ишти жөндөп кете албай жатканынан уламбы, айтор түштүктөгү мекендештерге жаңы түйшүктөр жаралууда.

Таалайбек Сарыбашевдин жеке өзүнө көз чаптырсак, чакан районду башкарган акимдиктен дароо эле облуска секирик жасады. Ушунун өзү эле кадрдын чийки экендигин тастыктап турат. Негизи облусту башкарыш үчүн бир нече тепкичтен өтүп, качан гана такшаалган маалда кызматка бекитилиши керек эле. Тилекке каршы, биз жогоруда белгилегендей, бул жигит өң-тааныштык менен келип, даярдыгы жок болсо да амбициянын чоңдугунан кызматка жеткени ачык байкалып ту­рат. Ошондон удам өзүнүн белгисиз ысымы менен бирге Ошту да чөктүрүп бара жаткандай таасир калтырууда. Дегенибиз, Ошто аты мамлекетке таанылган дөө-шаалар иштеген. Кечээки учурга эле көз чаптырсак, Ж.Сатыбалдиев, А.Артыков, С.Жээнбеков, А.Карашевдер башкарып турду. Алар Оштун экономикасы менен бирге элге-журтка кадырын көтөрдү. Көтөрө албаганы ордунда кармап турду. Бирок азыркыдай деңгээлге түшүргөн жок.

Учурда Сарыбашев эмнени жасаганын көрө албай жатабыз. Маалыматтарга караганда, кагаздарга кол койгондон башканы билбейт экен. С.Жээнбеков коңшу мамлекеттер ме­нен алаканы чыңдап, Бадахшанга эки ирет барып келгенин биз жакшы билебиз. А бул Таалайбек мырза кол чатырын өзү көтөргөндөн эринип, жардамчысына карматып сүрөткө түшкөн «ханский замашкасы» менен гана элдин эсинде калып отурат. Бул жоругу накта көпкөндүктүн белгиси эмей эмне? Теги начар кишилер ушундай кылыкты жасайт да. Кайсы уруудан болду экен бул жигит? Кабинетте жашынбай, элди түпөйүл кылган суроолорго жооп берсе дурус болмок. Кыскасы, Оштогу абал начар, ал Сарыбашевдин ишине байланып жаткан кези. Айтаарыбыз, жогорку жетекчилер эгерде бул жигиттен үмүтүн үзө албай, өң-тааныштыктан кече албай жатса, анда бир ай камчылап көрүшү керек. Жок, азыркы кейпинен жазбаса, анда элдин нааразычылыг күчөй электе чечим кабыл алышы шарт. Ар ким өз деңгээлиндеги ишти кылганы дурус болот. Президенттик шайлоодо түштүк козголбошу керек.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 − 21 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: