Menu

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна даярдык көрүүдө активдүү катышкан жарандарды сыйлады

Бөлүшүү:

Сооронбай Жээнбеков кечээ, 10-мартта, Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун жыйынтыгы боюнча өткөн салтанаттуу иш чарага катышты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын малыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

Өкмөт башчысы ар бир мамлекеттин тарыхында жалпы элге жарык маанай тартуулаган, бардык жарандарды бир максатка шыктандырган, коомду ынтымакка ширеп, бардык жүрөктөрдө сыймыктануу сезимин жараткан сейрек окуялар боло турганын билдирди.

«Мына ошондой жаркын иш-чаралардын бири – кереметтүү Ысык-Көлүбүздүн жээгинде, өлкөбүздүн Президенти Алмазбек Шаршенович Атамбаевдин демилгеси менен өткөрүлгөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары болуп калды. Бул оюндар дагы уланат, аларга тереӊ анализ берилет, алардын маани-маӊызы талданат. Ал – келечектин иши. Бирок, азыр эле, алыс кетпей туруп, айрым жыйынтыктарды белгилей кетсек болот. Биринчиси, Көчмөндөр оюндары дүйнөлүк мааниге ээ иш-чара болду. Дүйнөнүн 53 өлкөсүнүн спортчуларын бириктирген бул оюндар – жалпысынан глобалдашып, адамдардын жашоо мүнөзү бири-бирине окшошуп, улуттук өзгөчөлүктөр азайып бара жаткан ушул дүйнө үчүн уникалдуу окуя болду. Кыргызстанга бүткүл жер шары тыкыр көӊүл буруп, күтүлбөгөндөй кызыктуу, жалпы дүйнөдөгү тынчтык жана мамлекеттер аралык ынтымак үчүн зор потенциалы бар бул оюндарды кызыгуу менен көрүштү. Спорт жана маданий чөйрөнү, эл аралык кызматташууларды жаӊы түс, жаӊы формалар менен байытуу үчүн бул иш-чара абдан керектүү идеяларды жаратты десек болот. Анын далили катары, Бириккен улуттар уюму Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын эл аралык мыкты иш-чара катары жогору баалаганын айтсак болот», – деди Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр бул оюндардын негизги максаты – тынчтык, биримдик жана мамлекеттер аралык достук болгонун эскертти.

«Мамлекетибиздин ичинде өзүбүздүн тарыхыбызга, маданиятыбызга, улуттук оюндарыбызга жаштардын кызыгуусу көбөйдү. Жаштар арасында бабалардын тарыхы менен сыймыктануу сезими күчөдү десем болот. Өлкөбүздүн кооз табиятын, элибиздин меймандос пейилин дүйнө тааныды. Бүгүн бул оюндарга катышууну каалаган өлкөлөрдүн саны өстү. Демек, өлкөбүз чет элдиктердин кызыгуусун арттырып, туризм үчүн инвестицияларды тартууга жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылды», – деди Сооронбай Жээнбеков.

Өкмөт башчысы ынтымак жана биримдик ушундай ири масштабдуу башка элдер суктана турган жалпы улуттук маанидеги иш чараларды өткөрүүгө  зор түрткү берерин билдирди. Ал белгилегендей, бул максаттарга жетүү үчүн мамлекетке эл тарабынан колдоо керек, мамлекет өз кезегинде акыйкат жана ачык иштөөгө тийиш.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун уюштурууга активдүү катышкан жарандарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасын тапшырды. Алардын арасында башкы демөөрчүлөр, рамий демөөрчүлөр, медиа-өнөктөштөр жана спорт федерацияларынын өкүлдөрү бар.

Мындан сырткары Кыргыз Республикасынын Президенттинин Аппарат жетекчиси Сапар Исаков Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруудагы өзгөчө эмгеги  үчүн ыраазычылык кат жана Президенттин атынан ысымы жазылган сааттар менен сыйлады.

Белгилей кетсек, бүгүн сыйлыкка 200дөн ашык жарандар татыктуу болсо, алардын 28 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасын, 4 Президенттин ысымы жазылган саатын жана калганды Президенттин атынан ыраазычылык баракчаларга ээ болушту.

Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюну 2016-жылдын 3-8-сентябрында Ысык-Көл облусунда өткөн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: