Menu

Азимбек Бекназаров, “Эл үнү” кыймылынын лидери: “МУККнын тергөө абагы Кокон хандыгынын зындан ордосуна окшоп калды”

Бөлүшүү:

Азимбек Бекназаров менен курчуп бараткан Кыргызстандагы саясый кырдаал тууралуу сүйлөшүп, ой бөлүштүк. Ошондой зле “кезек Отунбаева менен Бекназаровго келди”- деген маселени да билүүгө аракет кылдык.

“МЕНИ КОЛДОБОГОНДОРДУН ТҮБҮНӨ ЖЕТЕМ – ДЕГЕН САЯСАТ”

– Азимбек Анаркулович, президент акыркы мезгилде Текебаев айткан ар бир сөзгө реакция кыла баштады. Бул жагдай Атамбаевдин биринчи душманы Текеба­ев дегенден кабар бербейби?

– Бул “келишкис душманым Текебаев” дегенди түшүндүрбөйт. Бирок, “мени колдобогондордун түбүнө жетем” деген саясат жасап жатканынан кабар берет. Башкача айтканда, Атамбаев Убактылуу өкмөттүн өзүн колдобогон мүчөлөрүн жок кылам деген максат коюп жатканын каңкуулайт.

– Текебаевди камоого эч ким батынчу эмес эле. Эми аны кандай тагдыр күтүшү мүмкүн?

– Кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. Ошондуктан азыр баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарыш керек. Ошон­дой эле жабык эмес, ачык тергөө, ачык сот болушу керек. Текебаевдин ишин кыскартып же дагы бир башкача багытта бура турган болсо, коомдо башкача көз караш пайда болуп калышы мүмкүн. Менимче ага Текебаев деле макул болбосо керек. Башкача айтканда, Текебаев деле “мени соттосун же актасын” деген талап коёт. 2002-жылы мен да ошенткем. “Күнөөлүү болсом соттогула. Күнөөм жок болсо актагыла. Элди аттырып алып, мени неге чыгарып жатасыңар”- деп түрмөдөн чыкпай кыйнагам. Менимче, Текебаев да ошентет. Анткени, пре­зидент өзү көп нерселерди айтып койду. Эми Текебаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүп, ишти аягына чейин чыгарышы керек. Бул мыйзамдын талабы. Иш козголбосо болот эле. Иш козголдубу .акталышы же соттолушу керек. Башкача айтканда, бул ишке соттун чекит койгону туура болот.

– Текебаевге кылмыш из козголуп, камакка алынгандан кийин башка да “кылбыры” бар экени айтылган “ата- мекенчилерди” семичке чакандай кылып аларды да жок кылып, камап салбайбы?

– “Ата-мекенчилерди” камагандан мурун Жогорку Кеңешти таркатыш керек. Анткени, “Ата Мекен” фракциясынын баарын “кылмышкер” деп камоого аракет кылып жатат. “Ата-мекенчилерди” торуган маселе башка фракциялардын башында дагы бар. Эсептеп көрсөм, азыркы парламентте 40тан ашык депутатка кылмыш иши козголуп, токтотулгандар бар. Ошон үчүн бул парламенттин иштөөгө моралдык укугу жок. Буларды тар­катыш керек. Себеби, бир канча фракция башчысына козголгон кылмыш иштер бар.

– Текебаевдин камакта жатканына карабай, “ата-мекенчилер” президенттикке талапкер деген чечимин жарыялашты. Бул чечим, анын камактан чыгышына негиз боло алабы?

– Текебаевди “Ата Мекен” партиясы пре­зиденттикке талапкер деп жарыялашканы Текебаевди коргоонун бир формасы. Илгери Кадырбековду Бакиевдер камаганда шаардык кеңешке талапкер кылып каттатканбыз. Би­рок, алар талапкер экенине карабай камактан чыгарбай коюшкан.

“РЕВОЛЮЦИЯГА ЖАЛПЫ ЭЛ, ТАРЫХ, МЕЗГИЛ БАА БЕРЕТ”

Мээрбек Мискенбаев “Убакты­луу Өкмөттүн мүчөлөрүнүн ар бирин жоопкерчиликке тартыш керек” деди. Ошондой эле “Текебаев революцияга шек келтирди” деп нааразы болду. Буга не дейсиз?

-Революциянын кадырын ким кетирип жатканына Мискенбаев экөөбүз эле баа бербесек керек. Жалпы эл, тарых, мезгил баа берет. Башкача айтканда тарых таразалайт. Революциянын баркын ким кетирип, рево­люциянын максаттарын ким тебелеп-тепсеп жатканын Атамбаев кызматтан кеткенде билинет.

Атамбаев өз сөзүндө “өзүм менен кошо бир топ саясатчыны алып кетейин деп жатам”- деди. Алар кимдер?

-Менимче өзүнө жакпаган Убактылуу өкмттүн мүчөлөрү болсо керек. Себеби, мага жеткен имиштерге Караганда Атамбаев көп эле нерсени айтыптыр дешет. Бул сөздүн канчалык чын же калп экенин билбейм. Би­рок, мындай маалыматты Атамбаев кабыл алган кишилер айтып жүрүшөт экен. Пре­зидент журналисттерди чыгарып жиберип, революционерлерди кабыл алып жатканда айткан имиш. Эгер мамлекеттин проблемасы бизде эле болсо, Сегизбаевди арыз жаза тур­ган адамды издетип убаралантпай эле “бизди кама”- деп өзүбүз эле барат элек. Бирок, ал сөз көчөдөгү сөз болгон үчүн анча ишене албай жатам.

Путин келгенде дагы президент Текебаевге көбүрөөк токтолду. Президенттин Путинге “Кыргызстанда погоданы жалгыз мен жасап жатам”- таризинде отчёт бергениби?

-Ички маселелерди башка мамлекеттин президентине отчёт бергендей болуп ай­тып берген уят эле иш болду. Анткени, биз эгемендүү мамлекетпиз. Тескерисинче, Путинден мындай нерселерди жашырышыбыз керек эле. Путин кыраакы киши. “Кечээ эле экөөң 6 жыл мамлекетти башкардың эле”- деп президенттин Текебаевди жамандаганын жактырган деле жок. Тескерисинче мыйыгынан күлүп, шылдыңдап кетти. Атамбаевдин Путинге отчёт бергени – анын президенти Путин болгондой, Алмаз Шаршенович анын губернаторундай андан колдоо күткөндөй таасир калтырды. Чынында мамлекетибиз кичинекей болсо да, Атамбаев Путиндей эле президент. Мамлекеттеги майда ички иштерди айтып даттанбай, мактанбай деле койсо болмок.

Кандай болгон күндө да биз эгемендүү мамлекетпиз. Ошол эгемендүүлүгүбүздү сакташыбыз керек. Уйгурлардын АКШда качып жүргөн бир лидери “Азимбек, силер бактылуу элсиңер. Мамлекетиңер бар. Ошону сактагыла. Жаман президент, жаман депутат келет, кетет. Мамлекет калат. Биз 50 миллион болсок да, мамлекетибиз жок”- деп ыйлайт. Ошон үчүн ал, бул дебей мамлекетибизди сакташыбыз керек.

Сапар Исаковдун президенттин аппарат башчысы болгону неден кабар берет?

-Медведевди коюп, кайра өзү президент болуп келгендей абалды Кыргызстанда да орнотом дегенден кабар берет. Себеби, Пу­тин “өз кишиңди коюп турсаң, кайра өзүң келесиң”- деген акылды айткандыр. Ошон үчүн бөлүм башчыны аппарат башчы кылса керек.

“САЯСАТТА 60 ЖАШ ЖИГИТ КУРАХ”

Президент “премьер, спикер болбойм, саясаттан кетем” деди го. Ишенсек болобу?

-Мен Атамбаевдин саясаттан кетишин каалабайм. Саясатта 60 жаш жигит курак. Тескерисинче, тынч жол менен бийликти өткөрүп берип, Ельциндей тарыхта калышы керек. Атамбаев конституцияга өзгөртүү кир­гизди, экинчи мөөнөткө шайланууга барбай чоң бурулуш кылды. Эми мөөнөтүнүн аягына чейин туруп, тынчтык жолу менен бийликти өткөрүп бериши керек. Антпесе бийликти жакшы көргөн кыргыздар дагы тытышып ка­лат. Эмне десек да Атамбаевдин командасынан кимдир-бирөө президенттикке аттанат. Чыныбай чыгабы же Иса, балким Карамушкина чыгабы, аны убакыт көрсөтөт. Атамбаев саясаттан кетпей партиясынын башында бо­луп, кааласа бир талапкер чыгарып, прези­денттикке аттанган талапкерлердин баарына бирдей шарт түзүп беришин талап кылышыбыз керек. Шайлоодо утуп чыкканын таанышыбыз керек. “Атамбаевдин адамы же анын партиясынан келбеши керек”- дегенибиз туу­ра эмес. Анткени, Атамбаев деле башкалардай “саясатымды улантсам экен” деп аракет кылат да. Маселе Атамбаев мураскер чыгарганында эмес, аны Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн коёбу же Путиндин кызыкчылыгы үчүн коёбу дегенде. Чынын айтсам мен ошондон чоочулап турам.

“Үчүнчү революциянын карааны көрүнө баштады. Президент тизгинин тартпаса тарых кайталанат”- деп эскертүү бергендер да бар. Буга не дей­сиз?

-Бизге үчүнчү революциянын кереги жок. Бизге жан дүйнөнүн революциясы керек. Аны президент өзүнөн башташы керек. Анан ар кимибиз президенттин артынан ээрчишибиз керек. Тилекке каршы, жан дүйнөнүн револю­циясы болбой арыз таап, жасалма иш козгоп, өч алмай башталды. Бала-чакасына чейин асылганды адат кылып алышты. Ошон үчүн президент айкөлдүк кылып, башкаларга үлгү болушу керек. Биз ошондо гана оңолобуз.

“БААРЫ-ТЕКЕБАЕВ МЕНЕН АТАМБАЕВДИН ЖЕКЕ МАМИЛЕСИНЕН КЕЛИП ЧЫКТЫ”

Токтайым Үмөталиева “баш кесердин куралы өз башын кесип жатат” деген оюн айтты го? Бүгүн чын эле Текебаев өзү казган орго өзү түшүп жатабы?

-Бул маселе Текебаев менен Атамбаевдин жеке мамилесинен келип чыкты. Тиреш ырбады. Атамбаев “мен жакшы”, булар “жаман” деди. “Башкесерлердин куралы өздөрүнүн башын кесип жатат”- деп айта башташты. Себеби, Текебаев менен Атамбаев алты жыл каалаганын кылышты. Авторитаризмди орнотушту. Эми ошонун азабын тартып жатышат. Айтайын дегеним, МУККнын СИЗОсун Кокон хандыгынын зынданына айлантты. Азыр Атамбаевди ким жаман десе, сындаса МУККнын СИЗОсуна камап жатышат.

Азимбек Анаркулович, пре­зидент неге бир кездеги санаалаш, үзөнгүлөштөрүнөн биротоло кол үзүүнү максат кылып алды?

Атамбаев               революциядагы үзөнгүлөштөрүнө каарын төгүп калганы бул сырткы күчтөрдүн пландуу таасиринин негизинде болуп жатат окшойт. Сырт­кы күчтөр мүмкүн Сегизбаевдин колу менен жок кылдырып жаткандыр. Анткени, сырткы күчтөрдүн биринчи максаты революцияны жаман көрсөтүш, экинчиси революциялык күчтөрдүн баарын потсоветтик мамлекеттерде жок кылууну каалашат. Аны Атамбаев сезген жок. Сегизбаев революциядан жабыр тарткан адам үчүн революцияны жек көрүп, сырткы күчтөрдүн таасири жана мурда качып кеткен адамдар менен иштеп жатышы мүмкүн. Себеби, элдик революциядан корккондор өздөрүнө өтүп кетпесин дешет. Ошон үчүн СССР аймагындагылар “тустүү революция болбосун” де­ген саясаттын алкагында иш кылып жатышат. Украинанын, Кыргызстандын революциядан кийинки абалын көргүлө дейт.

Революциянын кесепетинен башка мамлекеттерге качууга аргасыз болгондордун Кыргызстанда калган куйруктары башкача айтканда азыр Атамбаевдин короосунда жүргөндөрү пайдаланып, революцияны бирге жасаган үзөнгүлөштөрүн жок кылып, акырында Атамбаевди жок кылышат. Сырткы күчтөрдүн пландуу аракеттеринин негизинен ушул багытгагы иштер тымызын ишке аша баштады. Чынында революционерлер Атамбаевди алдыга салып, аны президент кылгандан башка жамандык деле жасаган эмес. Башкача айтканда азыр камакка алынып жаткан Текебаев 6 жыл анын айтканын аткарды. Отунбаеваны деле Атамбаев башкарган. Башкача айтканда КСДП башкарган. Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү Атамбаевди анда-мында сындап койгонубуз болбосо, аны менен бийлик талашып жамандык деле кылган жокпуз. Отунбаева Конституцияны өзгөртүүдө, анан Текебаев камакка алынганда эле үнүн чыгарды. Кыскасы, Атамбаевге эч ким деле тирешип, ага карасанаган жок. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү биригип алып, Текебаев­ди колдогон жокпуз. Колдосо партиялаштары колдоптур. Биз Атамбаевге да, Текебаевге да калыс болуп жатабыз. Бирок, жогоруда айткандай, революцияны жокко чыгаргысы келген сырткы күчтөрдүн таасири менен революционерлерди кылмышкер кылып, Атамбаев өзү алардын максатын ишке ашышына шарт түзүп жатат. Өкүнүчтүүсү, ошол сокку өзүнө да тийерин билген жок.

Балакеттин баары “Мегакомго” такалып жатпайбы. Убактылуу өкмөт чечим кабыл алган. А чыныгы ээси ким?

-Биз 2010-жылы тергөө жүргүзүп, арест са­лып туруп, “кимдики экенин сот аныктасын” деп сотко өткөрүп койгонбуз. Ошол ишти 2010-жылы декабрь айында өткөрсө да ушул убакка чейин каралбай жатпайбы. Прокурорлор кимдики экенин 2010-жылы аныктап, алардан Максим менен Елисеев тартып алганын айтышкан. Рейдерлик жол менен тартылып алынган экен деп Елисеев менен Максим жоопко тартылган эле.

“БААРЫБЫЗ ТЕРИКПЕЙ БИРИГИШИБИЗ КЕРЕК”

Текебаевге коррупционер жана алдамчылык беренеси менен кылмыш ишин козгогону неден кабар берет?

Арыз менен эле камай турган болсо, Сегизбаевге деле, Атамбаевге, мага деле 20 киши арыз жазып коёт. Эптеп бирөөдөн эле арыз алып, камай турган болсо, ар кимге иш козгосо бо­лот. Мыйзамда арыз жазып койсо эле камайт деген түшүнүк жок да. Арыз негиз болот. Иш козгойт. Тергейт. Күнөөсү бары-жогу далилдеигенден кийин гана камакка алынат. Салянованын убагында бирөөгө арыз жаздырып коюп камап, анан тергөө жүргүзгөндү адатка айлантып алышкан. Башкача айтканда биринчи камап алып, анан тергөө жүргүзүшөт. Биринчи далилде. Анан камакка ал. Анткени, 7 жыл мурун болгон иш экен. Мыйзамда адам өлтүрүп же пара алып жаткан жеринен кармаса дароо камоого жол берилет. 5-6 жыл мурун болгон нерселерди элден мурун тергейт. Азыркы тергөө органдары мыйзамды билбей, журналисттик ушактын деңгээлинде иш кылып калышты. Эптеп эле арыз болсо камап жатышат. Себеби, алардын башында президент туруп жатат. Президент “камагыла” дегенден мурун “жазылган арыз канчалык деңгээлде чын, эмне үчүн мурда эмес, азыр жазылып жатат”- деши керек эле. Арыз жазган ким? “Ал чындап эле күйгөн кишиби же ортодо бирөөнү каралаганды адат кылып алган алдамчыбы?”- деп алгач баа бериш керек. Текебаевдин үстүнөн арыз жазып каматкан кишинин “Мегакомго” эч кандай тиешеси жок. Көчөдө жүргөн эле киши болсо керек. Арыз алып камай берген Салянова Башпрокурор болгондон бери мода болуп калды. Келдибековду камакка алдырган арыздын колу, ал тургай печать жок эле иш козгоп салышкан. Азыр ошол өнөкөткө айланган нерсе Салянованын башына түшүп жатат. Бул табалагандык эмес. Бирок, ушундай иштердин башында 2010- жылдан баштап Текебаев менен Атам­баев отурду да. Нечен жолу экөөңөр революцияны “өлтүрүп”, кайрадан авторитаризм кылдыңар. Парламенттик системаны өлтүрүп, кайрадан бир адамдын бийлигине айланттыңар деп эчен жолу айттым. Эми түштөн киийн чыгып жаткан аксакалдарга да жиним келип жатат. Ошондой процесс башталганда неге үндөрүн чыгарбай отурушту. Аягында Текебаев өзү курган авторитаризмдик режимдин запкысын тартып, курмандыгы болду. Ошол кезде эле Атамбаев менен Текебаев­ге каршы болуп, “биз парламенттик өлкөбүз. Өкмөттү биз аныктайбыз. Сиз кийлигишпениз”- деп президент аныктады. Кааласа өкмөттү. кааласа премьер-министрди алмаштырышты. Кааласа, баш прокурорду алмаштырат. Ал турсун каалаган кишиге башкача айтканда Атамбаевди укпагандарга, сындагандарга да иш козгошту. Биз азыр революция жасайбыз дебей туура эмес багыт алган процессти токтотушубуз керек. Баарыбыз кайдыгер карап, үстүбүздөн арыз жазып, камап койгончо отура бербей, күрөшүшүбүз зарыл. Мурдагы камалгандар да, кийинки камалгандар да “буга чала болду, булар ушуну көрмөк” деп табалабай, баарыбыз биригишибиз керек. Ант­кени, кезек аларга да келип калышы мүмкүн. Күрөштүн баарын ушул жакка буруш керек. Биз өмүр бою Акаевдин, Бакиевдин авторитардык режими менен күрөшүп келгенбиз. Эми Атамбаевдин беспредели болуп жатат. Көп саясатчылар башына түшкөндө чуркайт. Ага чейин “мага тийбесе болду” деп унчукпай отурат. Президент болсо “мен айтканды кылбасаң, сени да камайм” деп коркутуп алды. Эртен мүмкүн бул күн Чыныбайдын же дагы башкасынын башына түшүп калышы мүмкүн. Ошондуктан баары биригип туpyп, ушул өнөкөткө айланган башаламандыкты токтотуш керек.

Турсунбек Акун “Текебаевге кылмыш иши козголгону Атам­баевге козголгону, Текебаевдин камалганы Атамбаевдин камалганы”- деди го?

-Туура, бирок Турсунбек Акун “президент өзүнө op казды” деп Те­кебаевдин камалышы менен ал маселени көтөрбөй, түзүлгөн системанын күңгөй-тескейин кеп кылышы керек. Биз Акаев түзүп кеткен Бакиев, Атам­баев улантып жаткан системаны токтотушубуз керек. Болбосо, бир адам­дын бийлиги орун алган, мыйзамдын диктатурасы жок система орун алып калды. Ошондуктан, баарыбыз бири­гип, ушул системаны жок кылуу үчүн күрөшүбүз керек. Турсунбек Акун да ушул системанын курмандыгы болгон. Ошондуктан, бардыгы биригиши керек. Атамбаевге “токтот, президенттик мөөнөтүң аяктаганча ушул системаны жок кыл”- дешибиз керек. Атамбаевди эле кетирсек, иш жайында болот дебешибиз керек. Анткени, Атамбаевден кийин келген президент да ушул си­стема менен иш кыла бериши мүмкүн. Чынында эки революция тең бир адамдын диктатурасын токтотуу үчүн болгон. Демек, революция максатына жетпей калган.

Азыр кимдин душманы көп?

-Убактылуу өкмөттүн душманы көп. Эмне үчүн дегенде биз революциячыл саясатчыларбыз. Акаевдин, Бакиевдин топтору. Менчиктеринен айрылып калган адамдардын баары бизди жаман көрөт. Кыскасы, бизди жакшы көргөн киши жок. Жаман көргөн киши көп. Анткени, биз си­стема өзгөрткөн кишибиз. Система бүгүн үзүрүн бербейт. 30-40 жылдан кийин берет. Ошондо бизди баркташы мүмкүн. Азыр барктабайт. Атамбаевге каршы биригип, аны кетирели дегенди токтотуп, президентке туш тараптан “жеке бийлигиңди токтот”- деген үнүбүздү жеткирип, ушул системаны ооздукташыбыз керек.

Булак: “Майданkg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 18 = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: