-Акыркы кездери Токмок шаарында кылмыштуeлук күчөп жатканы айтылууда. Маалым болгондой, буга чейин ар кандай майда кылмыштарды жасаган деген шек менен 12 баланы Чүй облустук кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы кармап келип камакка алганын, көп өтпөй кармалгандардын бир канчасын кайра бошотконун жазган элек. Ошол кармалгандардын бири Бишкектен машине уурдап, ал аз келгенсип, үйүн тинтүүгө алган учурда террордукка шектүү курал-жарак, ок-дарылардын да табылганы маалым болуп, ал Бишкектеги №1 абакка камакка алынган эле. Мына ошондон бери деле Токмок шаарында кылмыштуулук басылбай, күчөгөндөн күчөп келет. Эске салсак, аз күн мурун эле бирөөнүн короосунда токтоп турган жигули машинесин 1995-жылы туулган жаран айдай качып, көп өтпөй эле ал милициялардын торуна түшптүр. Окуя мына ушундай.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ