Menu

Жаңы автоматтык телевизиондук ретрансляторлорду орнотуу менен санариптик телеберүүлөрдүн аймагы 99,0 % га чейин кеңейтилет

Бөлүшүү:

“Жаңы автоматтык телевизиондук ретрансляторлорду орнотуу менен санариптик телеберүүлөрдүн аймагы 99,0 % га чейин кеңейтилет. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев Кыргыз Республикасынын санариптик телерадиоберүүгө өтүү боюнча мамлекеттик комиссиянын кезектеги жыйынында билдирди” – деп маалымдады Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

«2017-жылдын 15-майында өлкө толугу менен санариптик телеберүүгө өтөт. Муну эске алуу менен бардык мамлекеттик органдар санариптик телеберүүгө өтүү процессине катышууга тийиш. Санариптик телеберүүгө өтүүгө багытталган иш чараларды күчөтүү зарыл. Эң негизги көңүл бурчу жагдай, приставкаларды жана санариптик сигнал үчүн теле антенн сатып алууда же жаңы үлгүдөгү телевизор сатып алууда DVB-T 2 MPEG 4 форматынын зарылдыгы тууралуу калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү компаниясын даректүү жүргүзүлүшү керек», – деп белгиледи биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев.

Жыйындын жыйынтыгында мамлекеттик органдарга 2017-жылдын 15-майында өлкөдө санариптик телеберүүгө өтүүгө багытталган бир катар маселелерди чечүү тапшырылды.
Мындан тышкары жетүүгө кыйын болгон, санариптик телеберүүнү камтыбаган калктуу пункттарга автоматтык телевизиондук ретрансляторлорду орнотуу планы бекитилди.

Жаңы автоматтык телевизиондук ретрансляторлорду орнотуу менен санариптик телеберүүлөрдүн аймагы 99,0 % га чейин кеңейтилет. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев Кыргыз Республикасынын санариптик телерадиоберүүгө өтүү боюнча мамлекеттик комиссиянын кезектеги жыйынында билдирди.

«2017-жылдын 15-майында өлкө толугу менен санариптик телеберүүгө өтөт. Муну эске алуу менен бардык мамлекеттик органдар санариптик телеберүүгө өтүү процессине катышууга тийиш. Санариптик телеберүүгө өтүүгө багытталган иш чараларды күчөтүү зарыл. Эң негизги көңүл бурчу жагдай, приставкаларды жана санариптик сигнал үчүн теле антенн сатып алууда же жаңы үлгүдөгү телевизор сатып алууда DVB-T 2 MPEG 4 форматынын зарылдыгы тууралуу калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү компаниясын даректүү жүргүзүлүшү керек», – деп белгиледи биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев.

Жыйындын жыйынтыгында мамлекеттик органдарга 2017-жылдын 15-майында өлкөдө санариптик телеберүүгө өтүүгө багытталган бир катар маселелерди чечүү тапшырылды.
Мындан тышкары жетүүгө кыйын болгон, санариптик телеберүүнү камтыбаган калктуу пункттарга автоматтык телевизиондук ретрансляторлорду орнотуу планы бекитилди.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 + = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: