Menu

Казакстанда терроризм тууралуу жалган маалымат берген мугалимдин камактагы мөөнөтү кыскартылды

Бөлүшүү:

Караганда шаардык соту терроризм тууралуу жалган маалымат берген мугалим Юрий Пактын камактагы мөөнөтүн беш ай, он күнгө кыскартты. Мындай чечим бийлик тарабынан өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата жарыяланган мунапыстын алкагында кабыл алынды.

Азырынча соттун токтому мыйзамдуу күчүнө кире элек.

2016-жылы октябрда карагандалык физика мугалими Юрий Пак шаардын борбордук дүкөнүндө мина коюлгандыгы тууралуу жалган билдирүү жасаган деген айып менен эки жылга эркинен ажыратылган. Соттолгон мугалим айыптоолорду четке кагып, апелляциялык сотко даттанган, бирок ал шаардык соттун чечимин күчүндө калтырган.

Эки жылга соттолгон Юрий Пактын камактагы калган мөөнөтүн кыскартуу сунушу сотко 3-мартта жөнөтүлгөн. Мурдараак анын жубайы Ольга Пак социалдык түйүндөр аркылуу коомчулукка кайрылып, мунапыс берүүдөгү тоскоолдуктар менен кечеңдетүүлөргө даттанган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 − = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: