Ош мамлекеттик юридикалык институтунун кызматкерлери жаздын келиши менен «Шаарыбыздын тазалыгы үчүн!» деген чакырык менен демилге көтөрүп чыгышты. Таң эртеден эле ушундай максат менен атайын ишембиликке чыккан жамаат өзүнчө топторго бөлүнүп, Ош шаарынын Исхак Разаков көчөсүнүн жээктерин, арык, тратуарларды таштандылардан тазалап, иретке келтиришти. Бул тууралуу ОшМЮИнин басма сөз катчысы Сабыр Буркашев билдирди.
-Ош шаарынын тазалыгы үчүн аракетибизди дайыма тынымсыз уланта беребиз,-дейт ОшМЮИнин ректору юридика илимдеринин кандидаты Эгемберди Токторов. Аталган эмгек жамааттын дагы бир тобу шаардын ортосунан орун алган Ак-Буура дарыясынын жээктерин түрдүү таштандылардан арылтып, жашылдануусуна шарт түздү. Жер-жерлердеги ишембиликте демилгелүү кызматкерлердин эмгек активдүүлүгү сезилип турду. Алар ушул күнгү эмгеги менен шаардын көркүнө-көрк кошушту.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ