“Каржы министрлиги комитеттин тапшырмасын такай создуктуруп келет. Мисалы, курулушу башталып калган социалдык объектилерди биринчи кезекте бүткөрүү тапшырмасы берилген, ал бир жылдан бери аткарылган жок. Бул тууралуу депутат Улан Примов Бюджет жана финансы боюнча комитетте 2016-жылдын 30 –майындагы Ош областынын Алай районуна жана 2016-жылдын 26-декабрындагы Ош областынын Араван районуна болгон көчмө жыйындардын чечимдеринин аткарылышы жөнүндө маалымат угулуп жатканда билдирди” – дейт КР ЖК Басма сөз кызматы.
«Каржы министрлиги биздин тапшырмалар боюнча башка мамлекеттик органдар менен мекемелерге сунуштамаларды берет экен, алар болсо министрлик тарабынан каражат бөлүнгөнүнө жараша иш жүргүзөбүз дейт, мындайча айтканда, мамлекеттик органдардын бири-бирине щылтагандан башка жасаган иши жок. Кимисине ишенсе болот? А Каржы министрлигинин өзү эмне иш аткарат?», – деди эл өкүлү.
Каржы министри Адылбек Касымалиев капиталдык салымдар боюнча курулуш объектилеринин титулдук тизмеси март айынын ичинде бекитиле турганын айтты. Ошондон улам, депутат Акылбек Жапаров бул маселеге титулдук тизме бекитилгенден кийин кайрылуу сунушун берди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ