Menu

Текебаевдин тылы деле бекем эмес тура

Бөлүшүү:

Текебаев камакка алынгандан бери анын тарапташтары мөөнөтсүз митинг жарыялап, күндүн суугуна да карабай УКМК менен борбордук аянтта кыйкырышып турушту. Ал митингдерде Өмүке өзү жетелеп алып келип, парламентке олтургузган пулдар депутаттарынын карааны көрүнбөдү. Абдимуктар Маматов, Сулейманов Бахадыр, Айсулуу Мамашевалар берчүбүздү эбак эле Текебаевдин өзүнө бергенбиз, андан эч кандай карызыбыз жок дегендей түр көрсөтүштү окшойт. Сайдулла Нышановдун көрүнүп койбосом соо калбайм дегенсип УКМКнын жанындагы митингге барганы менен Шыкмаматов, Иманалиев, Никитенко, Саляновалардын катарына кошулуп, элдин алдына чыга албай, обочо туруп алып көз салып турганы жигиттикке жатабы? Жалал-Абадда чыгып жаткан элден ким кабар алып жатат?-деген суроого баш чайкап, “Аны билбейм” деп жооп бергени Нышановдун Текебаевге кол шилтеп басып кеткени эмеспи? Кечээ болсо президенттин сыйлык тапшырган салтанатына катышып, андан сыйлык алып, ажонун сүйлөгөн сөзүнө олтургандар менен кошо кол чаап олтурду. “Ата-Мекенди” сасык партия деп айтып жаткан соң, “Мен андай партиядан депутат болгон эмесмин! Биздин партия таптаза! Бул сөздөн кийин президенттен алган сыйлыкты кайра тапшырам” деп чыгып кеткенде Сайдулла Нышановду “Ата-Мекендин” чыныгы мүчөсү, Текебаевдин көздөй адамы экен деп айтмакпыз. Ал болсо мындай сөздү айтканга жарабай, өзүн депутат кылып алып келген партия сасык экенин мойнуна алгансып олтуруп берди. Текебаев деле тегерегине тетири сийгендердин баарын чогултуп алганы кыйын кезде көрүнүп калды.

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 − = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: