Menu

Сарыбашев креслосу үчүн кол алдындагы адамды мактай береби?

Бөлүшүү:

Азыр Ош облусун жогорку окуу жайды бүттү деген диплому жок, бирок базарда иштеп тыйыны көп чогулган Таалайбек Сарыбашев деген кыйын башкарып жатат. Тааныш-билиш, тыйын-тыпыр мол болсо эл башкаруу үчүн жогорку дипломдун, тажрыйбанын деле кереги жок болуп калбадыбы. Таалайбек Сарыбашевдин өмүр таржымалын изилдип жаза турган болсок, өзүнчө эле криминалдуу детектив сыктуу китеп болчудай экен. Ошол детектив аягына чыгайын деп калды, жээкке жетсек эле сандан-санга бере баштайбыз. Сарыбашевдин тажрыйбасы жок экенин, анын гезиттерге берген маегинен эле билсе болот. Кечээ эле ал “Азия Ньюс” деген гезитке бир беттик кылып кенен интервью бериптир. Өзүнүн жасап жаткан иштери менен мактана албай, баштан-аяк Матраимовдорду мактаптыр. Матраимовдордун бири Ош облусундагы Кара-Суу районунун акими. Мындай айтканда Сарыбашевдин кол алдында, ага баш ийген кызматкер. Акимди мактап жатканына таң калган жокпуз. Таасири күчөп бараткан Матраимовдор менин ордумду тартып албасын деп жан алакетке түшүп жаткан жокпу деп баш чайкап жатабыз. Жээнбеков кызматынан жогорулап Бишкекти көздөй баса бергенде, анын ордуна Матраимовдордун бири барат деген сөздөр чыккан. Ошондуктан, Сарыбашев өзүнүн кызыкчылыгы үчүн кол алдындагы акимди акылдан танганча мактап жатабы деген суроо жаралып жатат.

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: