Menu

«Президентти колдойлу, өлкөнү ойлойлу» деген КСДП президентти колдоого даярбы?

Бөлүшүү:

Бул жуманын саясий хити президент Алмазбек Атамбаевдин мамлекеттик сыйлыктарды тапшырып жатып сүйлөгөн сөзү болду. Ырасын айтыш керек, президенттин сөзүндө эл көксөп жүргөн маселелер козголду. 7-апрель күнү канын төккөн азаматтардын аруу тилеги тепселенип калды, Убактылуу бийлик эл жасаган революцияны уурдап кетти, 90 баланын каны бекер эле төгүлдү деп буга чейин айтылып келсе, аны президент өзү тастыктады. Азыр элдин арасында бир да маселени чечүүгө дарамети жетпей калган күнкарама парламент тараса экен дегендер арбын. Парламенттин өзүндө дагы “тарап кетпейлиби” деген сөздөр байма-бай көтөрүлүп келет. Мыйзам чыгаруучу бийлик өзүнүн функциясынан алыстап, саясаттын очогу болуп калганы эбак. Президент да өз сөзүндө “Жогорку Кеңеш күндөн-күнгө мыйзам чыгаруучу жайдан ушак чыгаруучу жайга айланып баратат” деп туура баа берди. Мындай парламенттин барынан жогу деген сөз ажого да жеткен окшойт “Өткөн аптада депутат Бакыт Төрөбаев сессияда депутаттарга кайрылып, “тарап эле кетпейлиби” деген сунуш айтты. Мен анын сунушун колдойт элем. Урматтуу депутаттар! Карга карганын көзүн эч качан чукубайт деген сөз бар. Эл бузарларды, мародерлорду тайраңдатып, балыктай болуп карап отурганча, чын эле депутат Төрөбаевди колдоп, тарап эле кетпейсиңерби? Же болбосо, мыйзамды сыйлап, өлкөнүн тагдырын ойлоп, эл үчүн иштебейсиңерби? Кудайдан корккула да!” деп жээриди.

Парламентте чечүүчү ролго президенттин КСДП фракциясы ээ. Шайлоо учурунда КСДП “Президентти колдойлу, өлкөнү ойлойлу!” деп ураан чакырып жүргөн. Президент тарап кетпейсиңерби деп кадам таштап жаткан соң, КСДП биринчилерден болуп “Биз президенттин саясатын колдойбуз” деп мандатын жерге бир чаап четинен чыгып кетиши керек эле. Ошондо президенттин саясатын чын эле колдогонун көрсөтмөк. Биз КСДП фракциясынын депутаттары президенттин айткан сөзүн канчалык деңгээлде колдой турганына кызыктык.

Төрөбай Зулпукаров, ЖКнын депутаты:

“Президент таркаса таркасын деген пикирге кошулуп, кол коюп берип коюшу мүмкүн”

— Бакыт Төрөбаев тарап кетели деп сунуш берсе, президент дагы тарап кеткиле деген сунушун берди. Өзү процедура боюнча Жогорку Кеңеш үч учурда таркайт. Биринчиси коалицияны 3 жолу түзө албай калганда, экинчи өзүн-өзү таркатуу менен тарайт. Бул 80 депутаттын макул болгон колу, добушу менен тарайт. Үчүнчүсү Жогорку Кеңеш Өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндө маселени койгондо президентке барат. Президент же өкмөттү таркатат, болбосо парламентти таркатат. Азыр ушундай сөздөр жүрүп жатат. Өзүн-өзү таркатуу боюнча маселе көтөрүлүп, кокустан депутат катары сунуш кылса, президент таркаса таркасын деген пикирге кошулуп, кол коюп берип коюшу мүмкүн. Жогорку Кеңеш эмне үчүн таркашы керектигин конкреттүү фактылар менен аныктап, анын баары негиздүү болсо колдоп берем.

Жанар Акаев, ЖКнын депутаты:

“Парламент жогорудан түшкөн көрсөтмөнү аткарбай койгон учур болбойт, коркоктугу, жалтактыгы бар”

— Бакыт Төрөбаев деле конкреттүү түрдө тарап кетүү сунушун айткан жок. Президент деле тарашыбыз керек деген так кесе пикирин билдирбеди. Президент “Бакыт Төрөбаевди колдойм” деди, Бакыт Эргешович ушундан көрө тарап кетсек болмок деп депутаттардын намысына тийген сөздөрдү айтты. Парламент тарай турган болсо ошол күнү кеткенге даярбыз. Кайра шайлоого аттанганга мен бүгүн дагы даярмын. Азырынча конкреттүү парламентке күнөө коюп, сунушун айта элек. Президент Төрөбаевге “айттың, эми аткара аласыңбы? Аягы эмне болот?”- деп чакырык таштап койду. Эгерде Бакыт Төрөбаев президенттин чакырыгын кабыл алып, өзүнүн татыктуу жообун берүүсү зарыл. Азыр анын лидерлик сапаты сыналып жаткан кези. Эгер тарап кетүүгө жана кайра шайлоого даяр болсо тарап кеткенге баруу керек. Төрөбаевдин айтканына айрым депутаттар чычалап, өзү баштасын, популисттик ой деп айтып жатышат. Башка фракциянын лидерин кайра-кайра айыптап талаганыбыз туура эмес. Төрөбаевдин дагы ар кайсы сөздү сүйлөгөнгө лидер катары укугу бар. Менимче Бакыт Төрөбаев туура эле айтты, парламент эч нерсени чече албай коркок болгондон кийин, колубуздан иш келбесе тарап кеткенибиз оң деди. Мен анын пикирин колдойм, туптуура айтты. Парламент чындап жогорудан түшкөн көрсөтмөнү аткарбай койгон учур болбойт, коркоктугу жалтактыгы бар. Менимче Төрөбаев депутаттардын намысына тийгиси келди окшойт.

Абдувахап Нурбаев, ЖКнын депутаты:

“Биз көбүнчө ызы-чууга алдырып жатабыз”

— Парламент чын эле ар нерсе менен алектенип чырдашпай, өзүнүн иши менен алектенүүсү зарыл. Экономикага, бюджетке байланыштуу ар кандай мыйзамдарды сунуштап, андай сөздөрдүн деңгээлинен көтөрүлүү зарыл. Мен Жогорку Кеңеште мындай маселе көтөрүлбөй жатат деп айта албайм. Биз көбүнчө ызы-чууга алдырып, экономикалык каржы жаатындагы маселелерди экинчи планга чыгарып ийип жатабыз. Элдин көйгөйү менен көбүрөөк алектенсек жакшы болмок.

Кожобек Рыспаев, ЖКнын депутаты:

“Президент сүйлөсө эле тарап кетмек белек”

— Президенттин сөзүн сен бурмалаба, ал таркап кеткиле деген жок, таркап кетсеңер мен колдойм деди (Кожобек мырза президент эмне деп сүйлөгөнүн толук укпаса керек же түшүнбөй калган окшойт). Эмнеге мен президент айтса эле “Тарап кетели, макул” деп мандатымды таштап басып кетишим керек. Жөнү жок суроолоруңду бербечи. Президент айтты, ал анын пикири, менин да пикирим бар. Президент сүйлөсө эле тарап кетмек белек, эмненин негизинде тарайбыз? Азыр негиз жок болуп жатпайбы. Жакшынакай эле иштеп жатпайлыбы. Дагы кайда баралы эми?

Анвар Артыков, ЖКнын депутаты:

“Алмазбек Атамбаев “иштесеңер иштегиле, иштебесеңер тарап кеткиле” деп жатат”

— Президент түз эле тарап кеткиле деп айткан жок да. Ал Бакыт Төрөбаевге айтып жатат. Негизинен маселени көтөргөн депутат биринчилерден болуп мандатын таштап басып кетиш керек. Алмазбек Атамбаев “иштесеңер иштегиле, иштебесеңер тарап кеткиле” деп жатат. Иштебей турган болсо бул суроого “Өнүгүү” фракциясы өзү жооп берсин. Интриганын баарын жасаган “Ата-Мекен” фракциясы экөө парламенттен чыгып кетишсе мен каршы эмесмин. Алар болгону 20 гана депутат. 100 депутат иштеп жатат.

Айнуру Алтыбаева, ЖКнын депутаты:

“Парламенттин таркашына президент деле каршы, болгону ачуусу келип айтты”

— Президенттин сөзүн уктуңуздар, азыр президенттин парламенттеги өкүлү Абдылдаев “тарап кеткиле, же жакшы иштегиле”- деп айтты. Мен президенттин ушул сөзүн түз алдым. Президенттин парламентке көз карашы түз. 5-чакырылышта дагы “биз парламенттик демократияны өнүктүрөбүз десек, аягына чейин иштеш керек”- деп айткан. Алтынчы чакырылышта парламенттин туруктуу институту болушу керек. Ошону үчүн баарына айтып жатам иштегиле деди окшойт. Президентибиздин сөзүн жакшы иштегиле, мыйзамды жазгыла, элдин орчундуу маселелерин карагыла деп кабыл алдым. Демек, президенттин сөзүн колдойм. 20 жылда бир гана чакырылыш аягына чейин иштеген. Ал президенттик башкаруу болчу. Азыр биз парламенттик башкаруу системасына өттүк. Туруктуу аянтча болушу керек. Андыктан парламенттин таркашына президент деле каршы, болгону ачуусу келип айтты. Болбосо азыр болбогон бир популисттик маселе менен чыгып алган коллегалар жок эмес, бул туура эмес.

Асел Кодуранова, ЖКнын депутаты:

“Президент туура эле айтып жатат, майда-чүйдө ушактарды токтотуп, иштешибиз зарыл”

— Президенттин ал сунушун колдойм. Биз чындап эле интрига менен алек болбой, мыйзамдарды чыгарып иштөөбүз зарыл. Эл үчүн иштеп берели, мыйзамдарды чыгаралы, элге жакшы жашоо түзөлү деп келгенбиз. Сунуш берген депутатыбыз популисттик эле кадамга барып жатат. Жакшы эле иштеп жатабыз. Колдон келишинче жакшы иштесек деген ниетибиз бар. Жок нерсе менен алек бололу деп келген эмеспиз. Башкаларды билбейм, шайлоочуларга иштегени баратабыз, мыйзам чегинде сиздердин жакшы жашооңуздарга шарт түзөбүз дегем. Президент туура эле айтып жатат, майда-чүйдө ушактарды токтотуп, иштешибиз зарыл. Эл бизди карап жатат, биз болсо минтип чабышып интрига менен алек болсок бизге элдин ишеними таптакыр жоголуп кетет го.

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: