Menu

Кайып Шер, Апрель революциясынын катышуучусу: «7-апрелде эл аянтта атылып жатканда Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү ал жерден качып кеткен»

Бөлүшүү:

 

-Кайып мырза, сиз 7-апрелде Ала-Тоо аянтында туу көтөрүп элдин алдында жүрдүңүз эле. Атамбаев сыйлыктарды тапшырып жатканда “7-апрелдеги балдар Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү байысын деп өлдүбү?”- деп айтты. Ушул сөз 7-апрелде окко учкан балдардын эмгеги текке кетип, элдин ишеничи, ой-максаты ишке ашпай калганына баа берүү болду окшойт. Сиз буга кандай дейсиз?

— Туура, мен бул тууралуу 3–4 жыл мурда эле «Биз максатка жетпей калдык!» деп айтып, кан менен бийликке келгендер берген «Апрель роволюциясынын баатыры» деген медалымды ыргытып баса бергем. Бул менин Убактылуу Өкмөткө болгон нааразычылыгым. Чын эле ошол күнү каза болгон Баатырлардын арбагы ыраазы болбогондой иштер болду да. Балдардын каны төгүлүп, кыргыз элин кайгыга салган окуянын аркасы менен акмактардын ою кандай болгонун түшүндүм да, медалыңарды өзүңөр эле тагып алгыла деп айткам. Булардын былык иштери тууралуу көбүрөөк көйгөйлөрдү чыгаруу үчүн акыркы 3–4 жылдан бери көп маалыматтарды берүүнү күчөтүп жатабыз. Чынын айтайын, 7-апрелде эл аянтта атылып жатканда Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү ал жерден качып кеткен. Бийликке олтуруп алган Убактылуу Өкмөттүн көпчүлүгү «самозванецтер». Булардын аянтка келбей койгонуна элдин ачуусу келген. Эми ошол күнү кимдин эмне кылганын айтып берейин.

— Убактылуу Өкмөт мүчөлөрүнүнбү?

— Ооба, ошол самозванецтердин. Биз Ак үйдүн дарбазасында кылчылдап жаныбыздын айласын таппай турганда, Убактылуу Өкмөттүн бир мүчөсү СНБдан чыгып алып, эл кырылып аткан Ак үйдүн алдынан эмес, арткы эшик жагынан кирип, Данияр Үсөнов менен жолугуп, анын кабинетинде арак ичип, далдалчы болуп сүйлөшүп чыкканы боюнча маалыматыбыз бар. Элдин арты менен бийликке келгендер Токтайымчалык да боло алган жок. Ал бизге жакса-жакпаса дагы «Форумдан» Ала-Тоо аянтына чейин биз менен келген. Эл алдына чыга албай, Ак үйгө кирип сүйлөшүп жүргөндөрдөн көрө Токтайымды чакыргылачы, ошону киргизели дегенбиз. Бул да ачуу чындык. Балдар Текебаев мени атып салат деп аянтка келбей койду дешти. 7-апрель күнү кийин президент болуп олтурган Роза Отунбаеваны да көргөн эмеспиз. Биз ошол кезде эле Отунбаева баш болгон Убактылуу Өкмөттү иштешине жол бербей, кыйкырып чыкмакпыз. Бирок, мамлекеттин туруктуулугу үчүн деп унчуккан эмеспиз. Эртели-кеч ушундай суроолор бериле турганын билгем. Мен утурумдук бийликтин башында турган Отунбаеваны баш кылып болгон чындыкты айта берем.

— Отунбаева убактылуу эле президент болбодубу. Ал киши көп нерсеге кийлигише бербесе керек?

— Мен 7-апрель күнү башымды сайып коюп, колума туу көтөрүп алдыда жүрдүм. Бийлик алмашкандан кийин деле соттон, бийликтен акыйкаттыкты таппагандар менен көп эле жолу жолуктум. Отунбаева президенттиктен кетип жатканда роза гүлү менен узатканбыз. Бул анын жасаган иштерине ыраазы болуп, чын көңүлдөн гүл бергенди билдирбейт. Биз мамлекетте туруктуулук болсун, мурунку эки президентти таш менен кубаладык эле, муну гүл менен узаталы, кийинки президент ат минип узагыдай болсун дегенбиз. Бирок, ошол күндөн ушул күнгө чейин Отунбаеванын туугандарына нааразы болгондор көп. Мисалы, бир тууган күйөө баласы Ново-Павловка деген эң бай айыл өкмөтү бар, ошол айыл өкмөткө караштуу жерлерди 90-жылдардан бери эле басып алып келе жатат. Бул иштерди саясатчылар, алардын туугандары, демократтар жасашууда. 5-6 катынды акча чогулткуч кылып коюшат экен. Отунбаеванын күйөө баласы бар экен, нерви бир аз жукараак. Ошол кишиге нааразы болгондор «Эй Кайып Шери, сен мактап гүл менен узаткан президентиңдин күйөө баласы кууратты го бизди. Ошонун айынан өрттөнүп өлөбүз» дешти. Акаевдин, Бакиевдин туугандары бул жакта эле калсын, Отунбаеванын күйөө баласы элди катуу кууратыптыр да.

— Убактылуу Өкмөт бийликти бөлүп алышканын 7-апрель түнү уктуңар беле?

— Биз Ак үйдүн алдында ызы-чуу болуп жүрсөк, Убактылуу Өкмөтпүз деген кемпайлар Өкмөт үйүнө барып алышып, өздөрү эле күдүңдөшүп бийликти бөлүшүп алышыптыр да кургурлар. Булар 7-апрелде эле бийликке жетээр замат элди унутуп коюшкан. Аларың кыргызга кара түн түшүп жатканда бийликти бөлүп алгандар. Андан кийин деле миңдеген эл толкуп турду. Өзгөчө июнь окуясында. Ошол учурларда дагы булардын жок дегенде бирөөсү элдин алдына чыга алган жок. Анткени баары элге жаман көрүнүп калыптыр. Июнь окуясында кандай кыйынчылык болду. Кудайга миң мертебе шүгүр, мыкты азаматтарыбыз бар экен. Айталы, Камчы Ташиев, Алтынбек Сулайманов, Акмат Келдибеков сыяктуу жигиттер. Ушулар элдин арасында жүрүшкөн.

— Алмазбек Атамбаев деле Ала-Тоо аянтына келген эмес болчу да?

— Ооба, биз эч кимисин көргөн эмеспиз. Ошондо элдин көбү Атамбаевге таянып «Форумдан» келгенбиз. Ал учурда оппозициянын эң белдүүсү эле Атамбаев болгон. Кандай себептер менен экенин белбейм, Атамбаев 7-апрелде аянтка келген эмес. Мен ошондо эле булардын бир муштум болуп тура албаганын байкагам.

— Мародерлор туурасында эмне укканыңыз?

— Нурлан Асанов деген күзөтчү жигит бар болчу. Ал мага келип “мен Бакиевдердин мүлкүн кайтарам, мына бул лагер сеники болот” деп айтты. Мен макул болгонум жок, андайга тишим өтпөшүн билдим. Ал болсо «Болот Сүйүнбаевге айтпайсыңбы?» деп калды. Бир офисти көрсөттү, мен аянтка көп эл келет, бир офис алып койсокпу деп ойлодум. Макул деп Сүйүнбаевге барсам, «Мындай кишилерди бизге жолотпо» деп койду. Асановго барып «Булар болбой койду» десем, «анда мен Райкан Төлөгөновдорго кеттим, ошолор макул деп жатышат, алар менен барып ишти бүтүрөм» деп кеткен. Шайлоодон кийин Райкандын жардамчысы болуп иштеди. Мен ушул окуялар боюнча нааразычылык билдирип интервью бердим эле, ошондон соң аны иштен бошотушту. Башкалар боюнча айталбайм. Бирок ошондон шек санап калдым. Булар чын эле мародерлук кылышкан болсо керек деп. Мен 7-апрелде көтөрүп жүргөн туумду Текебаевге тапшыргам. Икрам деген бала алган эмес, ал туунун кадырын кайдан билсин. Атамбаев Текебаевди чоң айып менен камап жатпайбы. Текебаев өзүнүн ак-карасын аныктап алганга мүмкүнчүлүк алды.

— Сиз апрел баатырларын коюп жатканда Ата-Бейитке баргансыз да. Ошол жерде бийликке келгендер ант беришкен. Убактылуу Өкмөт ошол антынан тайышты да туурабы?

— Кыргызда “адам аласы ичинде” деп коёт. Ошол кезде убада бердик эле, анын өтөөсүнө чыга албадык деп элдин алдына чыгып, моомунча миллиондорду уурдадык, бизге болгон ишеничиңерди актай албадык деп чөгөлөп кечирим сураса элге эле эмес, Кудайга да жакмак. Бирок алардын антип айтышка кудурети жетпейт.

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 31 = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: