Menu

“Ак Кеме” мейманканасы Мүлк фондун айыптап чыкты

Бөлүшүү:

Бул тууралуу аталган мейманкана жамаатынын кайрылуусунда айтылат. Анда мейманкана жетекчилиги “Ак Кеменин” айланасында соттук териштирүү жүрүп жатканына карабай, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду тартып алууга аракет кылды деген жүйө келтирген. “Ак Кеменин” жетекчилиги мындай жол менен мамлекеттик орган мыйзамды бузуп жатат деп эсептейт.

“Бийликтин мыйзамсыз аракеттери акыркы күндөрдөгү коомдогу саясий активдүүлүк менен байланыштуу. Мейманканада оппозициянын форумдары өтүп, оппозициячыл партиялардын кеңселери “жайгашкан” деп айтылат кайрылууда.

Буга байланыштуу мейманкана жетекчилиги мамлекеттик органдарды мыйзамды сактоого чакырды.

Ал эми Мамлекеттик мүлк фондунун алдындагы “Мүлк” ишканасынын директору Орозбек Нусувалиев “Ак Кеменин” жетекчилигинин дооматтарын четке какты. Нусувалиев “Азаттыкка” билдиргендей, ишкана өкүлдөрү мыйзамдын негизинде мейманкананын иши менен таанышуу иретинде барган.

“Бул жерде эч кандай рейдерлик жөнүндө сөз жок. Мейманкана мамлекеттин эсебинен курулса да өлкө бюджетине эч кандай киреше бербей келет. Ошондуктан, аны талкуулоо үчүн барсак, жетекчилиги жок экен. Коопсуздук кызматына маалымат берип гана кеттик. Бул маселелер мыйзам чегинде гана чечилет” деди Нусувалиев.

Мүлк фондунун өкүлү бул иште эч кандай саясий боёк жок экенин кошумчалады.

“Ак Кеме” мейманканасы Кыргызстан эгемендүүлүк жарыялагандан кийин берилген Түркиянын насыясынын эсебинен курулган. Кийин бул мейманкана айланасында чыр чыгып, соттошуулар токтобой келет.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 + = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: