Menu

Жакында Бишкекте 200 чымчыктын уясы орнотулат

Бөлүшүү:

«Жашылдандыруу курулуш» муниципалдык ишканасынын билдирүүсү боюнча, калаанын сейил бактарына 200 уя орнотуу пландалууда. Шаардык кызматтардын кызматкерлери тарабынан 100 дөн ашык уя даярдалды. Жаздын башталышы менен уялар орнотула баштайт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Бак-дарактардагы зыянкечтерди тазалоо үчүн канаттууларды тартуу максатында орнотулат. Бир күндүн ичинде канаттуулар бир нече зыянкечтерди жок кылуулары мүмкүн.   Канаттууларды тартуу менен шаардагы экологиялык кырдаал жакшыртылат.

Бишкек шаарынын мэриясы канаттуулар үчүн уя орнотууну каалагандарды катышууга чакырат.

Мындан тышкары, 2017-жылы эмен, кара жыгач, каштан, жалпысынан 56 миӊ  даракты  зыянкечтерден тазалоо иштерин жүргүзүү пландалууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 + = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: