Парламенттин таркашын чыдамсыздык менен күткөн ЖК депутаттары деле бар. Албетте алардын катарын бийликчил СДПК фракциясы толуктайт. Эми жашырганда эмне, шайлоонун шайтан оюндарын жакшы эле билебиз. Мамлекеттик казынадагы миллиондордун көзүн карабай, өлкөгө шайлоо өзгөчөлүгүн жараткан Сарпашевдин биометрикеси деле көз будамайлап келе жатат. Муну керек болсо көзү көрлөр деле көкүрөгү менен туюп жатышат болуш керек. Болгону бийлик көзү көргөндөрүбүздү каратып туруп алдап кеткенди жакшы өздөштүргөн да. Эмесе кайсы шайтан шайлоо болбосун, азыркы бийликтин колдон чыккыс жеңиши болуп берет. Дегеним, ошондой ишенимдүү кадам менен СДПК фракциясынын лидери Иса Өмүркулов, “Ким айтса (ред. Бакыт Төрөбаев) ошол биринчи башкаларга үлгү болуп, баатыр болуп, мандатын тапшырсын” – деп кыйынсынган. Мунусу Апенденин сокурларды алдаганындай эле бар.
Бир күнү Апенди аркы өйүздөгү бир айылга бармакчы болуп кечүүгө келгенде бир топ сокурлар өтө албай турушкан болот. Аларды байкамаксан болуп өтүп кете береринде, тигилер өткөрүп коюусун суранып калышат. Кыңырылган Апенди киши башына беш тыйындан акы алмакка макулдашат. Баары макул болушат. Ошентип улам бирин өткөрүп жатып чарчап калган жарыктык акыркысын кармай албай сууга агызып жиберет. Сокурлар аны туюп калып, чуулдай баштайт. Баардык кырдаалдан чыгуунун жолун тапкан биздин Апенди тапанданып, “Эмне чуулдайсыңар? Бир кишиңердин акысын кем төлөсөңөр эле болду, бүтүшөбүз” деген экен.
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ