Menu

“Мегаком” Бакиевдердин колуна өткөнү калдыбы?

Бөлүшүү:

Абышканын алтын балыгындай болгон, пайдалуу-кирешелүү “МегаКом” уюлдук компаниясы сатылбай азап болду. Буга чейин 14 миллиард сомго бааланган ишкананы сатып алуучулар чыкпай койгону кызык болууда. Мындан улам жакында ал баштапкы баасы дагы 1 миллиардга арзандаганы тууралуу маалымат тарады. Маалыматтарга караганда, кийинки аукцион ушул 2017-жылдын 3-июнуна белгиленген. Ошол эле учурда кирешелүү чоң компаниянын улам арзандап бара жатканына нааразы болгон коомчулуктун өкүлдөрү бар. Аларды деле туура түшүнсө болот. Балким мунун артында чындап эле саясий кызыкчылык болушу мүмкүн.

Айтмакчы, бул сценарий ЖКнын экс-депутаты Садыр Жапаровдун эки жыл мурун көзү ачыктык кылып жазганындай эле бара жатат. Анда аталган уюлдук компаниянын сатыла турганы үч уктаса дагы эч кимдин түшүнө кире элек эмес беле. Балким окугандар болсо жакшы билишеттир. Ошентсе дагы Жапаровдун ошол “Саясатка аралашкан он жыл” аттуу китебинин тиешелүү жерин кыркып берели. Аны окуп өзүңөр баам салып көргүлө.

Саясаттын ызгаарларына, бороондоруна төш тосуп туруп берүү кыйын. Саясат антка, шертке баш ийбеген нерсе экенине толук ынандым окшойт.

2011-жылы «Мегаком» боюнча иш алып бардым. Ап­рель окуясынан кийин дароо эле 49 пайызын мамлекетке улутташтырып алышып, 51 пайызын эски кожоюндарына (М.Бакиев) кайтырып беришкен экен. Албетте, бекер эмес. Ортодо 15 миллион доллар алышкан. Бардык фактыларды топтоп, ак жүрөк болуп “100 пайыз мамлекетке өтүш керек” деген сунуш кылып, Отунбаева менен Атамбаевке кирдим. Эки күндөн кийин Отунбаева чакырып, “Сиздин сунушуңузду кагаздары менен Каптагаевке тапшырдым. Ошол киши ме­нен иштешиңиз” деди. Капта­гаевке кирсем, “Болбойт, эски кожоюндары ээ болуш керек” – деп эле түз айтты. Кинодогудай мафиянын башында турган кожоюндарына адашып барып алып, маселе көтөрүп жаткандыгымды дароо түшүндүм. Корсө, Отунбаева, Атамбаевдер эң жакшы билишет экен. Себеби, башында эле Убактылуу өкмөттүн декрети менен 49 па­йызын мамлекетке алышып, 51пайызын кайра берип коюшкан экен. Парламентте ызы-чуу көтөрө баштадым. Ошондон кийин эски кожоюндарына кайтарып бере алышпай калышты.

Ошентип, 2014-жылга чейин бул маселе чечилбей келип, кечээ жакында «51 пайызын дагы толук мамлекетке алдык» деген өкмөттүн маалыматын ММКлардан окуп калдым. Мындан аркы тагдыры эмне болот? Белгисиз. Балким, “Иштете албайт экенбиз. Бизде башы иштеген менеджерлер жок” дешип,«Кыргызгаз» сыяктуу бир долларга кайра эле эски кожоюндарына сатып жиберишеттир. Аны убакыт көрсөтөт.

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 65 = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: